Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрүүгө шектүү жаран кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.  Маалыматта:  жакында эле прокурор менен шектүү адамды чогуу көргөн күбөлөр болгону,  бирок, унаасы башка жактан табылганы айтылат. Прокурор өлтүрүүгө шектүү делип Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кармалганы айтылууда. Ал мас абалында болгон.
17-ноябрда жергиликтүү тургунга таандык «Лексус LX-407» унаасынан кандын тактары байкалган. Иликтөө иштери жүргүзүлүп, көп узабай эркек адамдын киши колдуу болгон денеси табылганы маалым болду.
Анарбай Мамажакыпов Баткен облусунун прокурору болуп 2018-жылдын 30-майында  дайындалган. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болуп иштеген. Эмгек жолун 20 жыл мурун баштаган. Чоӊ-Алайдын кулуну. Быйыл 43 жашта эле…


Ал эми  интернеттеги маалымат боюнча Баткен областык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Калыков Мелис Бурханович экени жазылып жүрөт. Ал быйыл 15-августа Мамлекеттик архитектура, курулуш жана коммуналдык чарба агенттигинин Ардак громматасы менен сыйланган.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here