Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлгөнүн ИИМдин басма сөз кызматы таратты. Маалыматта:  Облустун прокурору Баткен шаарынын чекесинде, талаада денесине залакат келтирилип өлтүрүлгөнү аныкталганы айтылат. Айрым маалымататрда кылмышка шектүү адам кармалган. Алгач аны сабашып, андан соӊ атып кетишкен. Анын машинеси башка жерден табылган.Мамжакыпов быйыл 30 -майда Баткенге прокурор болуп дайындалган. Ага чейин Талас шаарында прокурор болуп иштеген.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here