Жип, ийне жана медициналык аспап менен клей азыркы заманбап хирургдун колундагы нерселер. Аталган аспаптарды Аризона университетинин окумуштуулары мурдагы замандыкы дешүүдө. Себеби алар мурунку аспаптын ордуна заманбап аспап ойлоп табышты. Эч бир аспап колдонбостон алтын аралашкан суюк жибекти ачык жаратка куюп, лазер менен күйгүзүп койсо эч кандай тикпестен эле жаратты толук, оорутпай жамоого болот. Кандай болгон күндө да тигүүчү ийне менен жиптер абдан мыкты болгону менен алар дайыма стерилизациядан өтө бербейт. Тиккен жерге микроб кирип кетиши мүмкүн. Ошондуктан биораствор кошулган суюк жибекти мыкты дешүүдө. Бирок азыр ал медицинада болгону эксперимент катары  жүргүзүлүүдө, толук колдонууга уруксат алыша элек. Медициналык жипке караганда алтын аралашкан суюк жибек тирүү клеткалар менен бат келишип, жаратты тез бүтүрүүгө жардам берет жана ал жипке караганда бейтап керилип-чоюлуп, же оор көтөргөндө жарааты ажырап кетпейт.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here