Кечээ, 5-ноябрда Лейлек районунда 32 жаштагы депутатты атып кетишкнеи маалым.
Маалыматка караганда, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин 1986-жылы туулган депутаты Баялинов Кубанычбекти  түнкү саат он бирлер чамасында   үйүнүн жанында белгисиз артынан келип атып кетишкен. ок анын далысына тийген.  Депутат Арка-2 айылынын тургуну болгон. Аны Тажикстандын Худжант шаарындагы ооруканада тажик дарыгерлери дарылап, эки жолу операция кылышкан. Бирок ал өзүнө келбей жатып, каза тапканы маалым болду. Кубанычбектин сөөгү бүгүн жерге бүгүн саат 17:00 чамасында жерге бериле турганы маалым болду. Анын артында жубайы, 1 уул, 1 кызы калды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here