Косметологияда кеӊири колдонулган, аялзатынын сулуулугуна сулуулук кошуп, ажарына чыгарып, беттин бырыштарын жазган косметологиялык чопо же топурак жөнүндө сөз кылууну туура көрдүм. Чопонун минералдарга бай курамы беттин терисин макро жана микроэлементтер менне камсыздайт. Антсептикалык жана сезгенүүнү жоё турган касиети бар. Дайыма колдонуу менен беттин терисин мыкты абалга келтире аласыз. Бирок, чопо бетке жакшы экен деп колго тийгенин сатып ала бербей, бетиӊиздин терисине шайкеш келген чопону алсаӊыз жаӊылбайсыз. Чопонун өӊү канчалык күӊүрт түстө болсо, безеткиге ошончолук жакшы таасирин тийгизет. Ал эми аны күлгүн түстөгү безеткиде колдонууга болбойт.

Жашыл чопо бетти жумшартат

Жашыл чопо болсо бет терисин тазалоодо эӊ мыкты каражат. Бардык безетки үчүн пайда. Бет терисин тартып, бырыштарды жазат, шишикти кетирет. Жашыл чопо бетинин териси майлуулар үчүн өтө пайдалуу.

Карасы безеткини кетирет

Бүдүр, майда безеткиси бар беттин терисин үчүн.Тазалайт, бет тешикчелерин кичирейтет, бүдүр, безеткилерди кетирет.

Кызыл чопо кан айланууну жакшыртат

Калыптагыдай, майлуу, сезимтал бет териси үчүн. Кан айланууну жакшыртат, сезгенүүнү кетирет, кан тамырды жана бет тешикчелерин кичирейтет.

Сары чопо өлгөн клеткаларды чыгарат

Кургак жана дерматит, экземалуу бет териси үчүн.  Кан айланууну жакшыртат, өлгөн клеткаларды чыгарат, бетти сергитет, ууларды чыгарат.

Ак чопо кара чекиттерди кетирет

Майлуу бет териси үчүн.  Кара чекиттерди (комедон) чыгарып, теринин тешикчелерин кичирейтет.

Көк чопо бетти агартат

Майлуу бет териси үчүн. Тазалайт жана безеткилерди жок кылат, бетти агартат.

Күлгүн чопо бырыштарды жазат

Сезимтал бет териси үчүн.  Тазалайт, бырыштарды жазат, теринин серпилгичтигин жогорулатат. Кызыл чопо бетке ар кандай кызыл тактар чыкканда, аллергия же безеткиде жакшы көмөкчү.

Ак чопо жана бал менен маска

3 чай кашык ак чопону 3 аш кашык сүт жана 1 чай кашык бал менен аралаштырасыз. Андан кийин бетти тазалап, жасалган масканы коёсуз. 20 мүнөттөн кийин масканы жылуу суу менен жууйсуз дагы бет териӊизге жараган бет майды сүйкөп коёсуз. Аталган масканы уктаар алдында койсоӊуз эффект жакшы болот.

Ак чопо менен жумуртканын сарысынан маска

2-3 аш кашык ак чопону кайнап муздаган сууга каймак сыяктуудай масса болгончокту аралаштырасыз. Ага жумуртканын сарысын жана өсүмдүк майынан 2-3 тамчы кошосуз. Пайда болгон курамду бетке коюп 20 мүнөт кармап, андан кийин жылуу суу менен жууп саласыз.

Самара САЛАМАТОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here