Азыр бөйрөгүнөн жабыр тартып, элден жардам сурап, чет өлкөлөрдө дарыланып, шыпаа издеп жүрүшкөн мекендештерибиз аз эмес. Андай жардамга муктаждар чындап жүрөктү оорутуп, зээнди кейитет. Бирок эл деген эл эмеспи. Андай жардамга муктаждарга кол сунуп, жардам берип келет. Элдин жардамы менен бир тууган инисинин бөйрөгүн бир эмес, эки ирет алмаштырган Адамиса биздин маалымат каражат аркылуу  жардам бергендерге жалпы эле элге ыраазычылыгын билдирди

—Адамиса, иниӊдин ооруганына канча жыл болду эле?

—Бир тууган иним   Сейдинов Адылиса учурда 11 жашта.  2014-жылдан (8 жашында) бери бөйрөгүнөн жабыркап, ооруп  жаткан. Биринчи операциясы 2015-жылы январь айында Түркияда болгон. Ага 38  миң доллар кеткен. Иниме таенем донор болуп бир бөйрөгүн берген болчу. 2 жыл 8 ай өткөндөн кийин кайра эле бөйрөгүнөн жабыркап калды. Эмнеге дегенде кепилдик берилбейт экен. Салынган бөйрөк иштебей калат экен.  Ошондон кийин бул жакта 7 ай канын тазалатып, гемодиализде жатты. Экинчи жолу таекебиз донор болуп, бир бөйрөгүн берди. Экинчи операциясын 2018-жылы июлда  Түркиядан жасаттык. Экинчи операцияга жалпысынан 30 миӊ доллар кетти. Экинчи операциядан кийин буюрса инимдин абалы жакшы болуп калды.

—Мындай операцияга каражатты кантип топтодуӊар? Бул жагынан силерге кимдер жардам берди?  

—Өзүбүздө бир аз акча бар эле. Калган акчага эл жардам берди. “Балдарга жүрөгүбүздү белек кылабыз” аттуу немец фонду 10 миӊ евро жардам көрсөткөн. Ошондой эле  мурунку премьер-министр Сапар Исаков өзүнүн фондунан 100 миӊ сом бөлүп берген болчу. Учурдан пайдаланып элге ыраазылык билдиребиз. Кичинекей баланын өмүрүнө кайдыгер карабай колунан келишинче жардам бергени үчүн. Иним азырынча үйдө. Мугалимдер келип бир-эки сааттан сабак өтүп кетип жатышат. Буюрса жарым организми өз калыбына келгенден кийин мектепке барат.

—Ден соолугунан катуу жабыркап жардамга муктаж болгондорго кандай кеӊеш берер элеӊ?

—Бейтаптын ага-туугандары колунан келишинче көп жерлерге кайрылыш керек экен. Учурунда “Вечерний Бишкек”,  “Багыт”  гезиттерине маалымат бергенбиз. Андан тышкары элден акча чогултуу иштерине  сайттар дагы колдоо көрсөтүштү. “Элим барсыӊбы?” деген  кайрымдуулук фондусу дагы акчалай жардам берди. “Көп түкүрсө көл болот” дегендей, элден айланса болот. Бардыгы Кудайдан экен. Түркияда инимди карап бир нече ай жүрдүм. Ошол жактан иниме окшоп бөйрөгүнөн жабыр тартышкан 3 мекендешибизди көрдүм. Алардын операциясы да ийгиликтүү болду. Ал мекендештерибиз дагы элден акча чогултушуптур. Кээ бирлери үйүн, машинасын сатышкан экен. Акырында айтарым жалпы эле элибиздин ден-соолугу чыӊ болсун. Бир туугандарыбыз, жакындаштарыбыз эч качан оорубасын. Ден-соолукту сактап, өзүбүзгө жакшы кам көрүп жүрөлү демекчимин.

Айбек Шамшыкеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here