«Ала-Арча» резиденциясында “Ислам азыркы дүйнөбий мамлекетте” аттуу II эл аралык конференция өтүп жатат. Були ш-чарада   президент Сооронбай Жээнбеков  диндин коомдун турмушуна тийгизген жакшы жактары көп экенине, бирок исламды жамынгандар динди жаман көрсөтүп жатканын айтты.

Президент өз докладында буларга токтолду:

 -Айрым уюмдар жана кыймылдар динди саясатташтыруу аракеттерин жасап жатканына да күбө болуп жатабыз. Диндин коомдогу ролун, тарбиялык, ыймандык, адамдарды бириктирүүчүлүк асыл сапаттары айтылбай, ислам динине тиешеси жок нерселерди, догмаларды жабыштырган учурлар аз эмес. Исламды жамынып алып, кыргыз элине өзүнүн салттарын, маданиятын киргизүүнү көздөп жаткандар да бар. Жаштарды заманбап билимден, маданияттан, илимдин жана техниканын жетишкендиктеринен алыстатып жаткандар да жок эмес.Жалпы Борбор Азия регионунда болуп жаткан окуялар, айрым группалардын таасири биздин өлкөгө да жетип жатат.Исламды өздөрүнүн кызыкчылыгына пайдаланууга, аны зордук-зомбулуктун, экстремизмдин куралына айландырууга жасаган аракеттердин курмандыгы  болгон айрым жарандарыбыз бар. Дин — адамдын жүрөгүндөгү ишеним. Динге карата мамиле — ар бир адамдын  жеке иши. Эч ким башкаларга өз көз карашын таңуулай албайт. Мамлекет да таӊуулабайт. Ал гана эмес, ар бир адамдын дин тутуу эркиндигин коргоо — мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү милдети. Ошол эле учурда мамлекеттин базалык функциялары бар.  Алардын бири катары — коомдун тынчтыгын, анын өнүгүүсүн камсыз кылууну мамлекет   өз мойнуна алган.

Ошондуктан мамлекеттин диний чөйрөгө кийлигишүүсүн кеӊейтүү зарылдыгы келип чыкты. Ушул тезисти далилдөө максаты менен бүгүнкү конференциянын талкуусуна төмөнкү төрт идеяны сунуш кылам.

Биринчи, Мамлекеттик органдар коомдогу ар түрдүүлүктүн бөтөнчө баалуулук катары туруктуу сакталышына кам көрүүгө милдеттүү. Ар түрдүүлүк — өлкөбүздүн чоң артыкчылыгы, жетишкендиги. Биз, кыргызстандыктар, улутубуз, тилибиз жана динибиз ар башка болгону менен бир өлкөнүн жарандарыбыз. Мекендештербиз, тилектештербиз, санаалаштарбыз. Мамлекеттин жарандары бардык диний агымдарга толеранттуу мамиле жасоону үйрөнүүгө тийиш. Коом үчүн башка көз карашты сыйлоо жана бекем диний ынтымак керек. Бирок, бул максатка жетүү өзүнөн өзү эле орун албайт. Кимдир бирөөнүн абдан чыдамкай, узакка созулган аракети керек.

Бир дагы уюм, бир дагы коллектив муну аткара албайт. Бул жалгыз гана  мамлекеттин колунан келет. Мамлекет гана  бүтүндөй элдин камын көрөт. Өзгө жана жатка бөлүүгө, бир динди экинчи динге карама-каршы коюуга жол бербейт. Конфессиялар ортосундагы ынтымакты, ошондой эле динге ишенгендер менен өздөрүн динден тышкары эсептегендердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана сый мамилени чыңдоо керек. Ошол  эле учурда, диний агымдардын өкүлдөрүнүн  өздөрү да светтик коомдо жана анын мыйзамдары боюнча жашоосу абзел. Жогоруда айтылгандар үчүн тиешелүү  укуктук нормаларды иштеп чыгып, алардын аткарылышын камсыз кылуу керек. Өнүгүү үчүн зарыл жүрүм турумдарды күнүмдүк адатка айлантуу — мамлекеттин күч аракетин талап кылат.  Мамлекет гана динди жалпы коомдун өнүгүүсүнө карай багыттай алат.  Ошондуктан анын дин чөйрөсүндөгү ролу азыркыдан жогору болушу зарыл.

  Экинчи, Коомдун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тарыхый традицияларды абдан кылдат сактоо зарыл экенин чейрек кылымдык тарыхыбыз дагы бир ирет далилдеди. Ал үчүн биздин коомго традициялуу болуп калган ислам жана православие диндери менен  мамлекеттин ортосундагы социалдык өнөктөштүккө кененирээк жол ачуу керек. Ошол эле учурда бул диндердин өкүлдөрү коомдун келечеги үчүн көбүрөөк милдет алуусу зарыл болот. Ал эми жаӊы, традициялуу эмес диний агымдарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө бул агымдардын өкүлдөрүнүн санына болгон талаптарды күчөтүп, каттоо мөөнөтүн узартуу керек болот. Коомдун тынчтыгын, улуттар аралыкты ынтымакты камсыз кылуу үчүн дин менен мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн жаңы формаларын жаратуу зарыл.

 Үчүнчү, кийинки мезгилде жаралган жаңы чакырыктарга туура жооп табуу милдети келип чыкты. Мисалы, биздин коомдун келечек өнүгүүсүнө төп келген диний билим берүүнүн бардык тепкичтерин камсыз кылуу маселеси жаралды. Мунун мисалы катары Кыргызстанда биринчи жолу имамдар кошумча окууга тартыла баштаганын айтсак болот.  Ислам колледжинин мамлекеттик лицензиянын талаптарын аткарып, министрликтин көзөмөлү менен окуу стандарттарын ишке ашыра баштаганы да колдоого татыктуу мисал. Медресе, ислам колледжи, ислам институту, ислам университети бирдиктүү бир системанын тиешелүү тепкичтери болушу зарыл. Келечекте Ислам академиясын түзүп, анын ишмердигин мамлекет өз көзөмөлүндө кармашы керек болот.

Төртүнчү, Ата-бабаларыбыз карманган ислам дини светтик коомго, светтик мыйзамдарга  карама-каршы келбейт. Бул байыркы кыргыз элинин түпкү кызыкчылыктарына да туура келген. Анткени биздин ата-бабаларыбыз ислам элдик каада-салттарга жана үрп-адаттарга, көчмөндөрдүн дүйнөгө көз карашына төп келгени үчүн да исламды дин катары кабыл алышкан. Орто кылымдарда Борбордук Азияда ислам дининин жайылуусу менен Кыргызстанда шаарлар өнүккөн, мечиттер, медреселер жана китепканалар салынган. Азыркы Бурана, Өзгөн мунарасы, Шах Фазил, Таш-Рабат  сыяктуу архитектуралык эстеликтер курулган. Жусуп Баласагындын „Кут алчу билими“, Махмуд Кашгари-Барсканинин „Диваны“, Абу Бакр Серахси-Өзгөндүнүн „аль-Мабсуту“, Сираажуд-Дин Ошинин „Бадуль-амалийи“ ж. б. улуу инсандардын эмгектери жаралгандыгы баарыбызга маалым. Бүгүн ислам — мамлекетибиздин социалдык, маданий жана руханий өнүгүүсүнүн, коомдук жашоосунун  ажырагыс бөлүгү. Улуттар ортосундагы жана диндер аралык диалогду, ынтымакты өнүктүрүүдө өлкө калкынын дээрлик көпчүлүгүн түзгөн мусулман коомчулугунун салымы зор. Радикалдуу диний агымдарга альтернатива иретинде ата-бабадан калган исламдын салттуу баалуулуктарын мамлекет илгерилетүүсү керек. Тынчтыктын, сабырдуулуктун, мээримдүүлүк менен кайрымдуулуктун, ыймандын дини катары ханафий масхабын колдоо — Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө кызмат кылуусу зарыл.

Жыйында Кыргызстан тараптан сырткары Азия, Африка, Европа жана Америка өлкөлөрүнүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, чет элдик жана жергиликтүү белгилүү эксперттер жана ислам таануучулар катышууда.

Ушундай эле аталыштагы биринчи эл аралык жыйын былтыр сентябрда өткөн.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here