Бишкекте үйлөрүн ижарага  бергендерди салык төлөтүү маселесин  ишке ашыруу каралып жатканын Бишкек мэриясы көздөп жатат.  Мэриянын маалыматында: Бишкектин  райондорунда батирлерин ижарага бергендерди каттоо жана алардын жалпы маалыматтар базасын түзүү иштери жүрүп, райондук администрациялардын кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын инспекторлору менен кошо батир жана үй ээлерин аныктап, эскертүү берип жатышканы айтылат. Эгер ижарачылар салык төлөбөсө айыппулга жыгылат. Бирок айып пулдун өлчөмү канча болоору тууралуу маалымат жок.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here