Кийинки келген турмуштагы болуп жаткан окуялар, көрүнүштөр жалаң гана өткөндү эңсетип, ошолордун кайтып келишин саматып калганы…

Башкасын коё туруп, азыр бийик кызматтарда тургандарды алалычы. Катардагы эле адамдар. Башкалардан эч нерсеси менен айырмалана албайт, мээси менен да, кебете-кешпири менен да. Мурунку чоңдордун кандайдыр бир башка сүрү боло турган. Аларды оңой менен тике караш өзүнчө бир тозок болчу. Азыркы чоңдорду шыпылдаган журналисттер колтуктай кетип жатпайбы, а турсун президенттин саатын сурап алып жатышпайбы…

Мейли, ошол чоңдун кебетеси «келишип» турсун, анын анча деле мааниси жок, бирок, иш билгилиги, элге күйгөнү, билими менен акылы башкалардан өйдө болсун да. Анткени, өйдө деген ишеним менен эл башкартып жатпайбы… Азыркылардын эл башкарганы курусун, кызматына олтурары менен эле жеп кирет, бүттү кетти! Же жарылганча жеп анан кызматтан алынып тыныгат, же түрмөгө түшөт. Азыркы жетекчилердин ушундай эки жолу бар.

«Бул кызмат менин атаман калган эмес, ишенип мага берилгенден кийин жакшы иштейин, элге пайдам тийсин, аз болсо да элдин турмушун көтөргөнгө жан үрөйүн…» сыяктуу ойдон куру. Ойлогону ошол: «ушул кызматта турганда акча топтоп алайын, баланчадан кем бекем, мен дагы кудай деген кишимин, албай эмне… балдарды жакшы жерлерге орноштурайын, туугандарды да бир жерлерге илинтиш керек…». Анан жеке түйшүктөн кайдан бошоду, иши жүрө берет, иши чындап жүрмөкпү, жүрүп жаткан түрдө болот… Анын үстүнө эл дегениң илгеркидей айдама эмес, өздөрү эле иштеп жатат…

Атаганат, илгери кайсы бир кызматка туруш үчүн далай азап-тозокту көрүп, жогорку окууну мыкты бүтүп, нечендеген сыноодон өтүп, кызмат тепкичтеринен тажрыйба менен көтөрүлүп… анан гана жогорку кызматтарга келчү эмес беле. Эми анын бири жок. Акчаң болсо, өң-таанышың болсо, ыгын таап турсаң, шуулдап турсуң… кызмат сеники. Ал кызматты кандай аткарыш керектигин ошол кызматка келгенден кийин билип-билбей жатпайбы. Анан эмненин иши?! Кызыгың кур, жеп-ичкендин окуусу жок, анан кызматка турган немелер даярдыгы жок эле жеп кирет дейсиң, таң калып жакаңды кармаганга да үлгүрбөйсүң! Кызматтан алынган акыркы күнгө чейин жейт, анан эч нерсеге жооп бербей, кээси башка кызматка которулат, кээси баягы жеген акчасынын «үзүрүн» көрүп, куунак жашоосун улантат…

Илгери Шакем- Шайлообек Дүйшеев баатыр чабан Таштанбек Акматов агабыз Жогорку Кеңештин төрагасы болуп кайра түшкөндө моминтип бир жазды эле:

Короодон кармап апкелип,

Колуна бийлик, бак берип,

Ваннага тынбай киринтип,

Башакача кылып кийинтип,

Сүрөткө күндө

тарттырып,

Сүйлөчү сөздү жаздырып, 

Оңолдуң дешип макташып,

Орусча он сөз жаттатып,

Жатканы мамык жай болуп,

«Жакшынын» баары

жар болуп,

Алдыртан коштоп

жүрчү эле,

Апсамат, Апас пар болуп,

Чокойчон жүргөн Чоң койчу,

Чоңураак жерди сүздү эле

Чоң болгон жыргал

тура деп,

Чоңдукка көнө түштү эле…

Эми, чоңдон да жок,

Тоң да жок,

Же, чой-чойлоп жүргөн

кой да жок,

Таштанбек абам

кантти экен?!

Тээ мындан жыйырма жылдай мурунку бул ыр бекер жеринен жазылган эмес, мунун тээ  түпкүргө кеткен терең мааниси бар – ар-ар ким өз жайында болуш керек, өз ишинде, ордунда  болуш керек деген маанини кууган да… Кайран Шакем, тимеле келиштирген да! Мына, эми, Таштанбек агабыз кайра өз ордун таап, баккан малынын үзүрүн, жыргалын  көрүп олтурат!

Мунун сыңарындай ар кимдин кудай берген өз орду бар, ошол орунда болуу керек! Азыр  болсо, иш билген, эл башкарган, өзүнүн эмес, өңгөнүн кызыкчылыгында иштечү адамдардын ордунда кайдагы бир шүмүрөй-шүмшүктөр олтурат! Бул көрүнүш мыйзам чегинде болуп калды. Арман ушул, абийир кеткен жер ушул!

Азыр эл оозунан «ушул мыкты кызматкер» деген сыпаттаманы алган бир дагы кызматкер жок. Анткени, бардык кызматкерлер эле бирөөнүн ордунда олтургандай, бардык кызматкерлер эле жан үрөй жеп жатат, бардык кызматкерлер эле өз арбайын өлчөөсүз согуп жатат… «Кызмат деген колдун кири» деп койчу эмес белек, эми даана колдун кири болду.

Жакында эле Эмгек жана социалдык жактан өнүгүү министрилигинин жетекчилер квартети кызматынан айдалды. Алар, министр-Таалайгүл Исакунова, орун басарлары- Лунара Мамытова, Зууракан Каденова, Жылдыз Арстанбекова. Буларың иштебей эле, чет өлкөлөргө байма-бай каттап шапар тээп жүрүшчү тура. Ушундай немелерди кызматка койгон ким?! Эми аларды кызматка койгону да, булардын өздөрү да эч кандай жаза албастан кутулуп кетет. Бул жосунсуздар дагы бир кызматка отуруп калышы да мүмкүн. Бизде баары мүмкүн…

Биз агрардык өлкөбүз. Ошого байланыштуу айыл чарбабыздын жакшы же жаман өнүгүшүнө байланыштуу экономикалык абалыбыз да ошого жараша абалда болот. Ооба, бизде айыл чарба министрлиги бар, анда жүздөгөн адамдар иштейт, министри Нурбек Мурашев да, орун басары Жаныбек Керималиев да «сүткө тойгон» күчүктөй» болгон жигиттер, көзгө толумдуу, бирок, иши толумдуу эмес. Буларың өздөрүнчө эле «дүңкүлдөп» иштеп жатышат. Эмне кылганынын жакшы жыйынтыгы жок. Баланча эгин, түкүнчө картошка себилди, түкүнчө түшүм алынды менен бүтөт иштери… анан грант бөлүштүрөт… Бул жетекчилерди «ардактуу» эс алууга чыгарып, ордуна башка жаштардан коюш керек. Дегеле, ушул министрдикти жоюп же баштан-аяк реформалаш керек.

Вице премьер-министр болуп жүргөн Замир Аскаров деген бар. Бул кызматкер Ноокатта аким болгон экен, анан ошото вице-мэр болуптур. Ошол кезде Ош облусунун губернатору болуп жүргөн Сооронбай Жээнбековго жагып алыптыр… анан вице-преьер- министр болуп, түз эле бакыйган кызматка олтуруп калып жатпайбы.  Бул кызматкердин бар-жогу билинбейт…

Саламаттыкты сактоо министри болуп дары тармагынын адиси Космосбек Чолпонбаев деген олтурат. Дарыгердикти мыкты билген эмес, дары сатканды жакшы билген неме экен. Анан калса, мурунку ишинде кылмыш иши да козголуп кайра жабылыптыр. Мыкты дарыгерлер бизде аябагандай көп, министр болуп иштеп берчүсү да толтура, анан эле кылмыш иши козголгон немени кайдан таап келишкен?!

Баам салыңызчы, азыр бизде бир дагы министр мыкты иштеп жаткан жок. Алардын ана башы Мухаммедкалый Абылгазиевдин деле шааниси бош экен, элеңдеп эле президентти карап олтурат… баса, жаңы бүткөн курулуштардын лентасын шарт кескенге аябай маш экен… жок дегенде бир жагынан мыкты болсун да…

Эмне кылыш керек? Эмне кылышты мен кайдан билем. Билгендер, маселе чечкендер айтсын…

 

Баратбай Аракеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here