Москва районунун Заря айылынын четинен 28 жаштагы бир орустун жарадар денеси табылып, ооруканага жеткирилет. Анан иликтөө жүргүзө келгенде аны төрт таанышы өлтүрүүгө аракет кылып, чала өлүк кылып кетишкен экен. Көрсө, ал шордуу тиги төртөөнүн бирөөнү өлтүрүп туруп өрттөп жиберген кылмышын билет тура, анан күбө катары тигилер аны өлтүрүүгө аракет кылып жатышпайбы. Бул иш боюнча төрт кылмышкер кармалды. Алардын баары мурун соттолгондор экен. Эми төртөө тең узак мөөнөттөргө кесилет…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here