—Эрмек мырза, күркүрөгөн күз келип, дыйкандар түшүмүн жыйнап, эми үзүрүн көрөлү деп аракет кылып жаткан учур. Бирок бул багытта бир топ кыйынчылыктар болуп жатканын байкап жатабыз. Сиз эми базар иштетип, дыйкандардын эмгегин тереңден билип жатасыз да. Жалпысынан алганда дыйкандардын мээнети акталып жатабы?

—Мен  акталып жатат деп айта албайм. Дыйкандардын түмөн түйшүгү ушундай күркүрөгөн күздө, кышка жетпей эле акталбай, мээнети кайтпай калып жатат. Бул нерсе бир нече жылдан бери эле кайталанып келатат. Бирок былтыр бул кезде бир топ айыл чарба азыктары кымбат болчу. Быйыл болсо картошка абдан арзандады эле, анын артынан жер-жемиштердин да бир тобу арзандап кетти. Базардагы соода-сатык былтыркыга салыштырмалуу 70 пайызга азайды. Бирок сатуучуга кыйын эле болуп калат.  Мисалы, былтыр ушул кезде 10 киши соода кылып жатса, быйыл 2-3 адам эле соода кылып жатат.  Бул көрүнүш элде акча жоктугун билдирет. Сатуучу көп, сатып алуучу аз дегендей да. Айыл-чарба министрлиги жакында Өзбекстан менен келишим түзүп келиптир. Ал келишимге ылайык Кыргызстандын картошкасы Өзбекстанга акырындан чыга баштады. Былтыркыдай болбосо да, баа 5 сомго көтөрүлдү. Биз да  бул келишимдин алкагында  тишелүү тараптар менен байланышып, дыйкандардын картошкаларын экспорттоого аракет кылып жатабыз. Мындан ары да токтобой ушул темпте кете берсе, дыйкандардын эмгеги кайта баштайт эле.

—Айыл-чарба министрлиги сиздин байкашыңызча ушул сыяктуу алгылыктуу аракеттерди жетиштүү деңгээлде көрүп жатабы? Же бир, эки келишим түзүп коюп эле, ошону бетине кармап, башка дагы талапка ылайык иш-аракеттерди көргөн жокпу?

—Кыргызстанды кайсыл тарабынан алып карабайлы, биринчи кезекте агрардык өлкө экени талашсыз. Өлкөбүздүн агрардык тармагы өнүкмөйүн мамлекет өнүкпөйт. Ошондуктан  мамлекет бүт күчүн, мүмкүнчүлүгүн жумшап ушул тармакка басым жасап, чоң-чоң алгылыктуу иштерди жасаса деп айтат элем. Жакында кайсы бир депутат: “Айыл-чарба министрлигин жоюш керек” – деп сүйлөдү. Менимче, бул жиндинин эле сөзү да. Агрардык мамлекетте Айыл-чарба боюнча министрлик жок дегенди кандай түшүнсө болот? Элестетүүгө да болбойт да. Мындай акылга  сыйбаган сөздөрдү сүйлөбөй,  ошол Айыл-чарба министрлигин өкмөткө жардам берип баарыбыз өнүктүрүүгө салым кошушубуз керек. Дыйкандар ансыз деле өздөрүнүн түмөн түйшүктүү эмгеги менен эбегейсиз салым кошуп жатат. Эми мамлекет Айыл-чарба министрлигинин бюджетин көбөйтүп, ал министрликтеги ашыкча кызматтарды, ашык баш кызматкерлерди (жалпысынан 4500дөн ашык деп айтылат) 30-40 пайызга кыскартып, жакшы реформа кылуу иштерин ийгиликтүү жүргүзсө, жыйынтыгында бул министрлик дыйкандарга жакшы эле жардам берип, колдон-буттан алып, алдыга карай сүйрөп калмак. Керек болсо Айыл-чарба министрлигинин укугун көбөйтүп, Агропродкорпорациясын ачып,  Айыл-банкты да ушул министрликке караштуу кылып койсо болот.

—ЕврАзЭСке киргенде 180 млн калкы бар базар ачылды. Дыйкандарыбыз эми накта жыргайт деп баарыбыз кубанганбыз да. Андан бери 4 жыл өттү.  Бул боюнча маселе азыр үмүтүбүздү актабай турат. Сиздин көз караш кандай?

—Мындай болуп калышына ким күнөлүү? Сен айткан базар ачык эле турат. Алар жаап салган жок да. Болгону биз ЕврАзЭСтин талаптарына жооп бергидей иш-кагаздарды, заманбап лабораторияларды жетиштүү деңгээлде  жасай албай  жатпайбызбы. Кемчиликтер өзүбүздөн кетип жатат. Аны көргүбүз келбейт. Болбосо бирөөлөрдү күнөөлөгөндү жакшы көрөбүз. ЕврАзЭСке киришкен башка өлкөлөр бири-бирине ар кандай товарларды сопсонун эле экспорт кылып жатышат. Мисалы, Белоруссия картошкасын Казакстанга чейин кенен кесир сатып жатат. Казактар болсо Орусияга киргизип жатат. Биз эч качан өзүбүздөн өндүргөн айыл чарба азыктары менен ЕврАзЭСке кирген мамлекеттерге  көлөмү боюнча атаандаштык жарата албайбыз. Керек болсо дагы эки, үч жылдан кийин Казакстанга айыл-чарба азыктарын киргизе албай калышыбыз мүмкүн. Себеби, 16 миллион калкы бар коңшу казак мамлекети өнүгүп жатат. Баарын өздөрү өстүрүп, гүлдөтүп жатышат. Бизге мыкты менеджерлер жетишпей жатышат. Жоктон бар кылган жетекчилер керек болуп турат. Баланча чоңдун тууганы экен деп министр же башка бир чоң кызматка коюп коюшат. Же алар кыйратып иштешпейт. Ал эми кыйын менеджерлер болсо чет мамлекеттерге чыгып кетишкен. Депутаттар иштегендерге кээ бир кезде опсуз сын айтышат. Мисалы, “базарком” деп тергеп алышат. Базаркомдорду карагыла, мамлекетке пайда келтирип, бир топ адамдарга жумуш берип, багып жатышат. Өздөрү ошондой иш кылып жатабы? Айтыш кыйын, деңгээлдери  ар кандай? Кээ бирлери өз укуктарын да билишпейт. Мыкты мыйзам жазышканды билишпейт. Сын айтышса укмуш айтышат. Аларга өзүңөрдү карагыла деп 120 күзгү сатып берип койсо туура болчудай. Депутаттар көп сын айтканды коюп, өкмөткө жардам беришсе болмок. Өкмөт азыр жакшы иштерди жасай албай жатат. Бүт милдеттердин баарын президентке илип салышты. Бул туура эмес. Өкмөт жок дегенде ишкерлер менен форум уюштура алган жок. 7 облуста ар түрдүү инвестфорум өткөрүп турса, пайдасы чоң болмок. Мына башкасын айтпаганда да экономика боюнча  элементардуу ушул сындуу иштерди жасабай жатпайбы.

—Өзүңүз жетектеген базарды өнүктүрүүгө кандай аракеттерди көрүп жатасыздар?

—Колдон келген аракеттерибиздин баарын көрүп жатабыз. Сатуучуларга, сатып алуучуларга жакшы шарттарды түзүү боюнча бир топ иштер жасалып жатат. Буга чейин жер-жемиштерди дүңүнөн стакандарга чакан “бокстарды” куруп бергенбиз. Эми жер-жемиштерди аз-аздап саткандардын баарына тең ошондой “бокстарды” куруп берип, контейнер деген системадан такыр эле чыгалы деп жатабыз. Себеби, баары бирдей “бокс” болуп турса, сатуучуларга кышында жылуу, жайында салкын болот экен. Мындан тышкары айтсак, биздин базар Жибек-Жолу –Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан да, мына ошол жерге 12-кичи район тараптан түз келген маршруттук таксилер жок. Себеби, ошол  тарапта жашаган пенсионерлер биздин базарга көп келишет. Алар түз маршруттук таксилер катташын суранып жатышат. Өткөндө бул маселе боюнча мэрияга кайрылганбыз. Эми дагы кайрылалы деп турабыз. Казакстандын, Таджикстандын,  Өзбекстандын чоң базарлары менен алака түзүп, кызматташууну күчөтүп жатабыз. Ушул сыяктуу бир катар иштер жасалып, акырындык менен ишке ашырып жатабыз.

—Саясат боюнча эмне айтасыз? Саясатка аралашайын деген оюңуз барбы?

—Мен эми саясатчы эмесмин. Азыркы бир топ саясатчылардын кебетесин көрүп коркуп да кетем. Мен алардай болгум келбейт. Колдон келишинче элге ак кызмат кылсам дейм. Бир канча жылдан бери айылдагы аксакалдарга тамак берип, батасын алып келем. Быйыл да  тамак берип, салтка айланган ишти жасап келсек,  кээ бирөөлөр: “Эрмек депутаттыка барат экен, даярданып жатыптыр” – деп сөз чыгарып алышыптыр. Депутаттыкка ат салышабызбы, салышпайбызбы, аны убакыт көрсөтөт. Депутаттыкка сөзсүз барыш керек деген милдеттеме жок. Балким шайлоого катышпай деле коёбуз.

Багыт.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here