—Сиз  Атамбаевди президент учурунда катуу сындадыӊыз. Бирок, азыркы бийликти катуу сындай элексиз да.  Балким, бул бийлик бир жылдан бери сизди кайсы бир кызматка чакыргандыр…

—Бизде эми системабыз башка болуп калды да. Мына азыр бизди башкарып жаткан парламенттеги беш партия болуп жатпайбы. Ошол партиялар бүгүнкү күндө саясатка дагы, экономикага дагы, социалдык маселелерге дагы жооптуу. Анан мага окшогон иштин көзүн билген, бардык тепкичтерди басып өткөн кадрлар бизде абдан көп. Өзүм боюнча кеп жок.  Партиялар ошондой кадрлардан карап туруп колунан келгенин кызматка тартса, балким тезирээк бутубузга туруп, өнүгүп кеткенге мүмкүнчүлүк болот эле да. Эми мен кимден суранам? Бирөөгө барып кызмат сураган адат менин табиятымда жок. Мисалы, министр болуп же башка мамлекеттик кызматта отуруп алып мамлекетке жардам берем деген жаӊылыштык. Бүгүнкү күндө мамлекетибиз оӊолсун деген ар бир мекенчил жаран өзүнүн деӊгээлинде мамлекетке бир аз болсо да салым кошушу керек. Мен колумда бийлик болбосо дагы өзүмдүн деӊгээлимде мамлекетке колумдан келишинче кызматымды кылып жатам десем жаӊылышпайм. Мен кыргыз-орус ишкерлер кеӊешинин Кыргызстан тарабынын жетекчисимин. Бул кеӊештин түзүлгөнүнө  6-7 жыл болуп калды. Ошондон бери инвестиция тартуу боюнча бир топ иштер менен алек болуп жатабыз. Биздин ишибиз дайыма кыргыз-орус өкмөттөр аралык  комиссиянын алдында Москвада, Бишкекте өзүбүздүн чогулушту өткөрөбүз. Ошол чогулушка көптөгөн ишкерлер катышат. Орус ишкерлеринин көйгөйлөрүн биз бул жактан өкмөттүн жана башка мамлекеттик органдардын деӊгээлинде чечкенге аракет кылып жүрөбүз.

—Сиз Ысык-Көл форумун өткөрүүдө активдүүлүгүӊүздү көрсөттүңүз эле. Быйыл бул форум Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналып өтпөдүбү.  Бул тууралуу да кеӊири маалымат берип өтсөӊүз?

—Чыӊгыз Айтматов агайыбыз Кыргызстанды ааламга тааныткан, биздин кыргыз элибизге Кудайыбыздын берип койгон уулу да. Мына ушул кишинин 90 жылдыгы деп быйыл жакшы иш-чаралар өтүп жатат. Бул агайыбыздын биз 80 жылдыгынан, 85 жылдыгынан тышкары Үчүнчү Ысык-Көл форумун биз өткөрүп койгонбуз. Бизде  бийликтин жөнөкөй жарандарына кылган мамилеси ушундай болуп жатат. Мына биз Атамбаевге сунуш кылып , ошол Ысык-Көл форумун мурас катары калтырып кеткен бизде даяр Ысык-Көл форуму турат бүт дүйнө билген. Экологиялык, гуманитардык жактан интеллектуалдардын дүйнөлүк форумун өткөрөлү деп Атамбаевге эки жолу кат жазгам. Атамбаев биздин инибиз Сапар Исаковго тапшырып жумушчу топ түзүлгөнү менен бул иш-чараны уюштурбай койду. Бирок биз Чыӊгыз Айтматовдун 85 жылдыгын өткөргөндө аны менен Ысык-Көл форумун түзгөндөрдөн төрт-бешөө келди. Ал эми бул жолу биз уюштурганда мурда келбей калгандар келип катышып кетти. Рустам Каиров деген киши учурунда  Михаил Горбачевдин кеӊешчиси болгон. Бул киши Чыӊгыз Төрөкуловичтин идеясын колдоп, ушул Ысык-Көл форумун уюштургандардын бири катары эсептелет. 1986-жылы Италиядан Августо Форти деген киши келген форумга.  Түркиядан Ливан Ли деген композитордон тышкары Золотов, Шаханов да форумга келип катышкан. Мамлекет жардам бербесе да биз ошолордун баарын чакырганбыз. Резиденциядагы жыйын өтүүчү залды  ижарага алып, өзүбүздүн бешбармагыбызды тартып, чоӊ программадагы концерт уюштурганбыз. Форумга Түркиянын тышкы иштер министринин орунбасары келип катышып кеткен. Ошондо бизге  “Манас” университети жардам берген. Демөөрчүлөрдү өзүбүз таап Көлдө форумдун 23 кишиден турган кеӊеши түзүлгөн. Анан төрт теӊ-төрагасы бекигенбиз. Алар: Августо Форти, Мухтар Шаханов, Рустам Каиров жана мен.

Мамлекеттин чабалдыгы ушунда болуп жатат. Биз форумду өткөрдүк деп эч кимге колкоо деле кылган жокпуз. Эгер мамлекет тараптан колдоо болгондо Нобель сыйлыгынын ээлеринен эки-үчөөнү, мындан тышкары Айтматов менен мамилеси жакшы президенттерден да чакырмакпыз. Мисалы, Нурсултан Назарбаев менен Илхам Алиевди.

—Ысык-Көл форуму тууралуу дагы айта турганыӊыз бардыр…

—Дүйнөлүк интеллектуалдардын Ысык-Көл форуму деген аталыштагы деӊгээлге жеткирип алсак жакшы болмок эле. Андан кийин жыл сайын экономикалык форум сыяктуу өткөрүлүп турмак. Мына ушундай дүйнөлүк масштабдагы чоӊ форум кылабыз деп Астана экономикалык форумунун төрагасы орун басары Серик Карымсаковду бул жакка чакырган элем. Ал ошол учурда Казакстанда президенттин администрациясынын экономикалык саясат боюнча бөлүмдүн башчысы болчу. Ал киши 2015-жылы өзүнүн квотасы менен сенатка депутат болгон. Серик Карымсаков бизге келгенде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге да жолуктургам. Серик Карымсаков: “Астана экономикалык форумуна волонтёрлорду жибергиле.  Жол киресин төлөп берсеӊер, жатакана менен камсыз кылабыз. Ошол жерден үйрөнүп келишет. Андан кийин биз Ысык-Көл форумуна аянтча түзүп беребиз”-деген эле. Сатыбалдиев макулдашып убада бергени менен бул иш аягына чыккан жок. Ошон үчүн кээ бир элдик демилгени мамлекет баалап карап, эч качан көрө албастык кылбашы керек. Эми Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгы президент С. Жээнбеков өзү көӊүл бургандыктан жакшы өтүп жатат.

—Чыӊгыз Айтматов туулган Шекер айылындагы “Чыӊгыз ордонун” курулушуна 500 млн. сом кетет экен. Ошого сиздин көз карашыӊыз кандай?

—Эми бул демилге көптөн бери көтөрүлүп жүрөт. Демилгени болсо өзүнүн жердештери көтөрүп жаткан экен. Эгер бул ордо курулуп калса жакшы эле болмок…

—Чыӊгыз Төрөкулович менен мамилеӊиз кандай эле?

—Чыӊгыз Төрөкулович менен жеке мамилем абдан жакшы эле. Мухтар Шаханов экөө 1997-жылы “Аӊчынын ыйы” деген китеп жазышпады беле. Ошол китебине биз демөөрчүлүк кылгандан тышкары китептин бет ачаарын Москвада “Литературная газетанын” редакциясында өткөргөнүбүздө Чыӊгыз Төрөкулович менен менин бир досумдун үйүнө барып чогуу мейман болгонбуз. Мен 1991-жылы ал кездеги премьер-министр Т.Чыӊгышевдин жардамчысы элем. Ошондо биз Европага барганыбызда  Чыӊгыз Төрөкулович менен биринчи жолу жолугушкам. Анда ал киши Россиянын Бельгиядагы элчиси эле. Ушул эки ирет жолгушканымда тең 12-февраль болчу. Ал менин туулган күнүм. Алп жазуучу агайыбыз да туулган күндүн урматына мени куттуктап, өзүбүзчө белгилегенбиз.

   Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here