Быйыл 10 айда Мамлекеттик Бажы кызматы 34 млрд 279 млн сом суммасында салыктарды жана төлөмдөрдү чогултканы маалым болду. Аталган кызмат азырынча план 100,3 пайызга ашыгы менен аткарылганын билдирип, “биз кыйынбыз” деп төш кагып турат. Эми  Бажы кызматы жыл аягына чейин 39 млрд 796 млн сом өлчөмүндө салык жана төлөм чогултууну көздөп турат.  Мындан сырткары өкмөт тарабынан берилген кошумча тапшырмаларды аткарат.  Эске сала кетсек, 2015-жылы өлкө казынасына 20 млрд 800 млн сомго, өткөн жылы  бул көрсөткүч 34 миллиард сомго  жеткен.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here