Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүндө 25 жылдан ашуун убакыттан бери эмгектенген дарыгер, медицина илиминин кандидаты, Саламаттыкты сактоонун отличниги Айтбаев Муратбек Быржыевич менен геморрой оорусунун келип чыгуусу, ал ооруну дарылоо жолдору туурасында кенен маек курдук.

—Геморрой оорусу эмнеден улам пайда болот?

—Геморройдун келип чыгуусунун себептери абдан көп. Биринчи кезекте туура эмес тамактануудан бул оору пайда болот деп айта алам. Дааратканага барганда да ыйынып отура берет. Кээ бирлер бар дааратканага киргенде гезит же китеп окуганды жакшы көрөт. Ал жоон ичегини алдагандык болот. Ошондон улам геморрой пайда болот. Андан сырткары оор жумуш кылгандан да келип чыгат. Учурда отуруп иштеген жумуштар көп болгондугуна байланыштуу көптөр бир отурган жеринен кыймылдабай кечке чейин отура беришет. Ал геморройду түздөн-түз пайда кылат деп так кесе айта алам. Айрыкча тигүү цехинде, офис жумуштарында иштегендер жана такай машина айдагандар көбүрөөк жабыркашат. Бир орунда турбай кечке отура бергенде ич катыйт, жыйынтыгында көтөн чучуктун ички бети айрылып кетет дагы геморройду пайда кылат.  Отурган жумушта иштегендер ар бир 2-3 саатта ордуларынан туруп, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, кичине болсо да кыймылдап туруусу кажет. Аялдарда болсо бул оору көбүнчө төрөттүн кесепетинен улам пайда болот.

—Ооруну өөрчүтүп жибербөө үчүн кайсы учурда проктологдорго кайрылыш керек?

 —Ыӊгайсыз абалдар пайда болгондо, көтөн чучук кычышып же ачышканда, канаганда эле кайрылышса операцияга жеткирбей эле шам сымал дарылар (свеча), лазер жолу менен айыктырууга болот. А бизге болсо баса албай калганда, оору жедеп күчөп кетип ириӊ чаап баратканда келишет. Андай учурда операциядан башка айла жок болот.

—Учурда кандай медициналык жабдуулардын жардамы менен бул ооруну дарылап жатасыздар?

—Бизге көбүнчө оор абалдагылар келишет. Ошондуктан көп учурда операция жолу менен дарылайбыз. Жеӊилирээк оорулар менен келгендерди  инфракызыл нур менен күйгүзүп, склеротерапия (көтөн чучукка зат киргизилет), латекс шакекечелерин киргизүү менен дарылайбыз. Бизге Казакстандын, Кыргызстандын булуӊ-бурчтарынан келишет. Айрыкча каны азайып, гемоглобин 50-60ка түшүп кетип келгендерди операциядан башка жол менен дарылоого мүмкүн эмес.

—Геморройду көбүнчө элдик ыкмада малдын майы, марганцовка, самын, чеснок менен убактылуу дарылап жүрүшөт. Алар ооруну толук айыктыра алабы?

—Сиздин пикириӊизге кошулам. Мурда медицина жакшы өнүгө электе андай ыкмаларды кеӊири колдонуп, ооруну убактылуу басып келишкен, бирок алар менен геморрой айыгып кетпейт. Болгону ошол учурдагы ооруксунууну басат. Ичи катып айласы түгөнгөндө самынды пайдаланышкан, ал ичти бир аз жумшартып, оорутпай чыгарат. Геморройдо ар кандай элдик ыкманы өз алдынча колдонууну сунуштабайт элем. Себеби, алар көтөн чучуктун ичинен канчалык   айрылып кеткенин билбей туруп ар нерсени сала берсе, ал ооруну басаӊдатпай эле микробдор кирип кетип, күчөтүп жиберет.

—Азыр даарат кагаздардын, жуунуучу суюк самындардын, нымдуу аарчыгычтардын түрү чыгып жатпайбы. Алардын бул ооруга тийгизген таасирлери кандай болот?

 —Чынын айтканда азыр түрдүү каражаттар бар. Ар бир компания өзүнүн чыгарган продукциясын каалагандай мактайт, башыӊ айланат. Эӊ мыктысы мелүүн суу менен жууп, кагаз менен кургаткандан өтөөрү жок. Курамында ар кандай заттар бар каражаттардан аллергия пайда болуп, абдан кычышууга алып келет.

—Бул ооруга чалдыккан адамдар кандай тамактануусу керек?

 —Эгерде ичи катып калгандан улам көтөн чучук чычылып кетсе ал сөзсүз түрдө диета кармап, ичти катырбаш керек. Эгер оорунун башталышы болсо, ичти катырбай, туура тамактанып, тийиштүү дарылар менен дарыланса бул оору айыгып кетет. Ал эми туура эмес тамактанууну уланта берсе оору күчөйт.

P.S. Эгерде геморрой сизди кыйнап жүрсө же проктология жаатында кандайдыр бир сурооӊуз болсо Муратбек Быржыевичке кайрылсаӊыз болот. Байланыш номери 0772224140

Төлөбүбү КАСЫМАЛИЕВА

 

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Мен гемморой операциясын жасатканыма 16кун болду.Эн негизгиси туура жана ишин эн мыкты билген врач Муратбек Быржыевич мага операция жасаганын айтып кетким келет. Мурат Быржыевичтин колу женил,озу кичи пейил,оз ишин мыкты билген врач-проктолог экенин бардыгынызга айтып кете алам. ооруканада 8кун жаттым, бир кун да конул устундо кароо болгон жок, ар бир куну эртен менен эрте созсуз турдо келип,ал ахыбалынды сурап,озу перевязка кылып,сунуштарын айтып турду.Озунун жогорку проффессионалдык сапаты менен кылган ар кунку иши мактоого арзыйт. Коп жылдан берут проблемадан арылтты десем жанылбайм. Мурат Быржыевичке терен ыраазычылык билдируу менен, уй булоосуно бакубаттуулук,ишине албан албан ийгиликтерди каалайм. Бар болунуз,Сиздей чыныгы врачтар коп болсун!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here