8-ноябрда Кыргызстан менен Сербиянын ортосундагы визасыз каттоо боюнча өкмөт аралык келишим күчүнө кирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мындан ары эки өлкөнүн жарандары бири бирине 90 күндүк мөөнөттө визасыз каттай алат.

Документке 2017-жылы 5-декабрда кол коюлган. Бул 11 айдан бери аны ишке ашыруудагы ички жараяндар жүргүзүлдү. Жогорку Кеңеш Сербия менен виза режимин жоюу боюнча макулдашууну быйыл 26-апрелде ратификациялаган. Бул мамлекет Европанын түштүк-чыгышында жайгашкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here