Кечээ күнү Базар-Коргон районунун 100 жылдыгы белгиленди. Маараке учурунда  бул райондун борборунда жаңыдан реконструкцияланган стадионго коомчулукка журналист катары таанылган   маркум Асылбек Текебаевдин ысымы ыйгарылганы маалым болду. Салтанатттуу иш-чаранын ачылышы кечээ күнү болуп, ага ЖК спикери Дастан Жумабеков катышты.   Бул стадион  3300 орунга ылайкташкан. Аны оӊдоого  мамлекеттик бюджеттен 40 миллион сом бөлүнүп берилип, өткөн жылы оӊдоо иштери башталган.

Борбордук стадион 1982-1983-жылдары ашар жолу менен курулуп баштап, толук бүтпөй калган. Асылбек Текебаев узак  жыл журналист катары түрдүү массалык маалымат каражаттарында иштеп, “Ата Мекен” партиясынын Жалал-Абад облусундагы координатору да болгон. Ал Атамбаевдин бийлигинин тушунда жабылып калган «Сентябрь» телеканалын түптөгөн болчу. 2012-жылы жүрөк оорусунан улам 51 жашында көз жумган. Белгилүү болгондой ал  «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here