БШКнын маалымат кызматы Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын издөөдө жүргөн депутаты Аскарбек Шадиевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганын кабарлады.  Белгилүү болгондой Шадиев Кыргызстандан 27-апрелде эле качып кеткен. Анын мандаты ошондон бери алынбай жаткан. Аталган фракциянын лидери Сулайманов ушул жума биздин сайтка Шадиевдин мандатын алууга убакыт жете электигин айткан.  Шадиевдин ордуна «Бир Бол» фракциясынын кийинки тизмесинде турган Эрмамат Тагаев депутат болуп катталды. Ага мандат Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү отурумунда тапшырылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here