Кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгып кеткен,  Бир Бол» фракциясынын издөөдө жүргөн депутаты Аскарбек Шадиевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.  Борбордук шайлоо комиссиянын (БШК) басма сөз катчысы Анарбек Абазбеков билдирди.

Анын айтымында, Шадиев өз эрки менен жазган арызынын негизинде фракциядан чыгарылган. Мыйзамга ылайык, өз эрки менен фракциядан чыгууга арыз берген эл өкүлүнүн депутаттык ишмердүүлүгү токтотулуп, депутаттык мандаттан ажыратылды.

Шадиевдин ордуна «Бир Бол» фракциясынын кийинки тизмесинде турган Эрмамат Тагаев депутат болуп катталды. Ага мандат Борбордук шайлоо комиссиясынын 2-ноябрдагы отурумунда тапшырылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here