Генерал Ниязовдун мындан  төрт жыл мурун Таджикстанга элчи болуп кеткенин жалпыбыз эле укканбыз. Төрт жылдан кийин, тагыраагы бир-эки күн мурун элчилик кызматтан кеткенин уктук. Бул төрт жыл аралыгында Мирослав Ниязовдун дымы чыккан жок. Элчи катары эмне иш кылганы деле белгисиз болду. Эми анын ордуна Жаныш Рустамбековду дайындап жатышат. Жаныш аксакал деле жаш эмес. Жашы жетимишке таяп калды. Жаштарга орун бербей эле, өмүр бою кызматка жулуна бергенди качан токтотот? Рустамбеков деле элчи катары өзүн көрсөтө албады. Бул инсан Акаевдин тушунда, президенттик апаратты жетектеди. Токой чарабсын тейлдеи, Ошко губернатор,  андан соң ЖКга депутат болду. Бакиев ӨКМ министри кылды. Ал кызматтан соң Казакстанга элчи кылган. Атамбаев болсо төрт жыл мурун Түркмөнстандагы элчиликти берген. Рустамбеков деле элчи катары чоң иштерди жасай алган жок. Болгону кайсы бийлик келсе да, аны менен тез тил табышып, “сен жакшы, мен жакшы” деп иштешип келатат. Бул жагынан алдына киши салбайт экен го, чиркин дүйнө.

Булак:Багыт.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here