Өткөн жумадан тартып “Фабула” гезити жабылып калыптыр деген кеп кетти. Эмне себеп менен жабылып жатканы тууралуу гезит жамааты деле, гезит ээси депутат Рыскелди Момбеков деле билдирүү тараткан жок. Ушундан улам гезиттин чыкпай калышын ар ким ар кандай божомолдоп жаткан чагы. Анын себебин айтуудан мурун, гезиттин коомчулуктагы ордун, маңызын, бир аз тарыхын окурмандарга маалымдап коёлу.

“Фабула” гезити кыргыз коомчулугундагы өз окурманы бар, салмактуу гезиттердин бири болуп келгени ырас. Бул гезиттин түбү, тамыры  2008-жылдары жылдызы жанып, көп нуска менен чыгып турган   “Ачык саясат” гезитине, ал жабылгандан кийинки  “Эл сөзү”,  “Форум” гезиттерине барып такалат. Мына ушул гезиттер Бакиевдин кандуу, үй-бүлөлүк бийлигин катуу сынга алып, былыгын чубап турган. Канкор бийлик бул гезиттерди элге жеткирбөөнүн түркүн амалын көрүп, журналисттерди аңдып, тыңшап, кези менен басмаканадан чыккан гезиттерди болбогон шылтоо менен тартып алып турду. Журналисттерди сотко, прокуратурага далай ирет чакырышты. Чынында аталган гезиттер ал кездеги оппозициянын бирден-бир тирөөчү эле. Эл чыдамсыздык менен күтүп окуп турган. Бул гезиттерди түптөп, калың элдин катмарына чейин сиңирүүгө: Баратбай Аракеев, Эртабылды Аттокуров, Рыскелди Момбеков, Эрнис Балбаков, Айбек Шамшыкеев, Алмаз Темирбек уулу, Жылдыз Мусабекова, Мирлан Алымбаев, Тилек Рыскулов, Жаркынай Кадыркулова, Гүлмира Шаршеева сыяктуу калеми курч журналисттер чоң салым кошту. Албетте, гезит ээси Рыскелди Момбеков экенин эл ошондо эле жакшы билчү. Рыскелди Момбеков ушул саясый гезиттердин аркасы менен, жамаатынын жакшы эмгегинин натыйжасы менен 2010-жылы революциядан кийин дароо  Маданият министри болду. Андан соң, Президентке караштуу тил комиссиясын, “Учкун”  мамлекеттик басмаканасын жетектеди. 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Кыскасы, саясый гезиттин аркасы менен ушул даражага жетти. Момбековдун саясаты да айрым учурда ар кандай болуп жатканын байкадык. Ушундай саясаттын деле таасири гезитке тийди окшобойбу. Же бийлик жаптырдыбы? Эгер бийликтин бул ишке аралашкан жайы болсо, ал деле көп өтпөй ачыкка чыгып калат. Айтор, эмнеси болсо да Рыскелди мырза салмактуу гезиттин сазайын берип жаап салыптыр. Буга коомчулуктун ичи ачышып эле калды. Өзүн ушунча даражага жеткиргенге чоң салым кошкон гезитти жаап салбай, тескерисинче  да көкөлөтө өстүрсө болмок. Албетте, эми бул жагы өзүнүн иши деңизчи. Эми “Фабуланын” жамааты сайт ачып, өз арбайларын согуп баштады көрүнөт. Алардын ишине ийгилик каалайлы!

Булак:Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here