Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине бюджеттеги каражатты мыйзам бузуу менен пайдаланганы үчүн эскертүү берип тим болду. Мурунку министр айым Таалайгүл Исакунова элдин акчасына үй-бүлөсүн, орун басарларын кошо тайраңдатып, дүйнө кыдырып, саякатчы бака болушканы коомчулукта катуу талкууга алынган. Тиешелүү тарап каржылык мыйзам бузуу жакшы эле болгонун аныктап чыккан. Исакунова жоопко тартылат деп эл күтүп турганда, Башкы прокуратура минтип эскертүү берип, өтө гумандуу болуп турганы эч бир акылга сыйбай турат. Жамшитбек мырза мыйзамсыздык, коррупция менен катуу күрөшөт деп турсак, тескерисинче иш кылып жаткан жакшылыктын белгиси эмес . Мындай темп менен иштесе, көпкө деле узабас.  Элди сыйлабай, элдин талабын четке каккан атка минерлер акыры жазасын алышаар…

Булак:Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here