Омск областында (Россия) күтүлбөгөн окуя болду. Кош бойлуу аял соода борборуна кирип, чыгып келе жатканда кассанын жанынан төрөп койгон. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

«Ал жардам дагы сураган жок, акырын эле төрөп жатканын айтты. Биз тез жардам чакыртып, колубуздан келген жардамды бердик «- деген магазиндин кызматкерлери.

Кош бойлуу аялдын жанында курбусу дагы болгон. Ал аны жерге  жаткызып, 2 мүнөткө жетпей уул бала төрөлгөн. Ымыркай анын алтынчы баласы болгон.

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here