Жакында эле Бишкек шаардык кеңешине спикер болуп дайындалган Абиров Жаныбектин арышы катуу чыгы баштады. Көрсө, Жаныбек мырза иштемчил инсан көрүнөт. Ээрге олтурары менен эле элге жакын болуп, шаардын ичин, жаңы конуштарды дембе-дем кыдырып,   шаардыктардын көйгөйлөрүн чечүүнү колго алып, жакшы аракеттерди көрүп баштаганы байкала баштады.  Бир күнү карсаң шаар четинде парк ачып жаткан болшот, бир күнүн карасаң бир көйгөйлүү маселеге арналган тегерек стол, ар кандай жыйындарды өткөрүп жаткан болот. Айтор, Абировдун аракети азырыча жакшы. Бул темп менен иштей берсе Бишкектин өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошот деген ишенсек болот.

Булак:Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here