Азамат мырза, министр болом деген аракеттерид көрдүңүзбү?

 Жок. Эч кандай аракет көргөн жокмун. Министр болуу оюмда да жок болчу. Ойдо жок жерден сунуштап калышты, ойлонуп көрүп, макул болдум.

 -Ишти эмнеден баштасыз?

—Жаӊы кызматка киришип жаткандан кийин биринчи кезекте  бүгүнкү күндө кандай көйгөйлөр бар экендиги анализденип чыгышы керек. Эми көйгөйлөрдүн баарын өзүбүз билебиз. Бүгүнкү күндө театрларга, музейлерге, китепканаларга эл  барбай калды. Мунун себебин аныкташ керек. Маданий жайлар руханий азыктын ордосу болушу керек эле. Биринчи кезекте ушул маселенин үстүндө иштейбиз.

-Программаӊызды  даярдап келдиӊизби?

 -Азыркы учурда  көз карашыбызды гана айтып жатабыз. Жакын арада өзүбүздүн программабызды киргизебиз  го деп ойлойм.

-Маданият тармагы да бир топ коррупциялашып кеткнеин эл жакшы билет. Сиз дагы билесиз. Бул боюнча жетекчи катары  кандай чара көрөсүз? 

 —Эми кээ бир маселелер боюнча кайсы жерлерде кемчилик кетип жаткандыгын жакшы билем. Ал жерлерге таза иштеген кишилерди алып келгенге аракет кылам.

-Кээ  бир маселе  боюнча билем деп жатпайсызбы.   Ошону ачык айтсаӊыз? 

 —Бүгүнкү күндө массалык маалымат каражаттары  мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча бир канча маселелерди көтөрүп жатышат. Негизи эле бул тармакта туура эмес колдонулуп жаткан акча каражатына байланышкан маселелерди чечебиз.

Багыт. kg

 

1 КОММЕНТАРИЙ

  1. Бул деле жыргатпайт ко. Суроолорго так жооп бере албай кайпактаганына караганда. Кино тармагын жалаң Талстыктар каптап, бүт каражаттын баарын ошолор бөлүшүп алып жатканына кандай карайт болду экен.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here