Өткөн жумада эле Маданият, маалымат жана туризм министри болгон Азамат Жамангулов келери менен ырчы Самара Каримованы Ош шаарындагы Ныязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи кылып дайындады.   Самаранын көп жылдык тарыхы бар музыкалык окуу жайды жетектегенге деңгээли жетеби? Бул маалымат коомчулукка чыгаары менен эле, эл катуу сындай баштады.

Жамангуловго жогору жактан ушундай тапшырма болсо керек. Себеби, Самара айымдын бийлик менен жакшы мамилеси бар. Өзүнөн бир топ жаш уулу күйөөсү Асан мырза азыр абакка түшкөн Икрам Илмияновдун тууганы болчу. Ошондой туугандыктын пайдасы тийдиби, айтор ырдап чыкканына 4-5 жыл болбой жатып “Эмгек сиңирген артисти” наамын баса жыгылып, элдин катуу сынына кабылган. Бийлик болсо элдин сынын четке кагып, ал наамды берип салды. Самара ал наамды алгандан уялбады. Өзүнүн энесиндей болгон, элге эмгеги эчак сиңген  Гүлнара Кахарова, Токтобүбү Черикчиева, Шахрезада Аскарова сыяктуу чоң ырчылар мындай наамга жете электе, тааныш-билиштиктин  күчү менен жулунуп наам алганы эч кимге жакпай калды.Өткөн жылы Каримова Сулайман-Тоо музейине директор болууга да катуу жандалбастады.  Бирок коомчулук  анын деңгээли, билими жоктугун сынга алып чыккан соң, ал кызматка бара албай калган.  Белгилей кетсек, Самара күйөөсү Асан экөө Ошту менчиктеп алгандай эле жүрүшөт. Жубайлар  буга чейин  Ош шаарындагы «Киргизия» кинотеатрын узак мөөнөткө ижарага алышкан. Аны да Каримова жетектеп келет.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here