Тажикстанда жубайын мыкаачылык менен өлтүргөн Хамадони районунун тургуну Фаррух Халифаев 11 жылга соттолду. Аялдын туугандары сот өкүмүнө нааразы болуп, катаалыраак жаза талап кылышууда.

Фаррух Халифаев жубайы Арус Раззокованы 18-июлда, Орусиядан келген күндүн эртеси өлтүргөн. Буга чейин алардын ортосундагы уруш кызганычтан улам келип чыкканы айтылган. Бирок соттун жүрүшүндө Фаррух Халифаев аялын жыныстык катнашка баруудан баш тарткандыгы үчүн өлтүргөнүн мойнуна алды.

Ал күнү эжесинин үйүндө конокто болгон Нигина Раззокова бул версия менен макул. «Ал күнү биз алардыкында конокто болчубуз. Окуя уктоочу бөлмөдө болгон. Фаррух Арустан жыныстык катнашка барууну талап кылган, бирок ал коңшу бөлмөдө коноктор бар экенин айтып, баш тарткан. Анан Фаррух алгач муштум менен бетке уруп, андан сон бычак менен бир нече жолу сайып жиберген», — деди Нигина Раззокова.

Ал соттун өкүмүн өтө жумшак деп эсептөөдө. «Биз соттун чечими боюнча даттанып, кылмышкер үчүн катаалыраак жазаны талап кылабыз», — деп кошумчалады Раззокова.

Фаррух Халифаев 42 жашта. Акыркы жылдары ал Орусияда иштеп жүргөн. Жубайы экөөнүн төрт баласы бар.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here