Түркияда окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөткөн деп айыпталган кыргызстандык 56 жаштагы мугалим 12 жылга эркинен ажыратылганын түрк ЖМКлары жазып чыгышыты.  Мугалим  13 жаштагы cекелекке «жыныстык ыдык көрсөттү» деп күнөөлөнүп жатат. Анталия шаарына караштуу Манавгат райондук №1 кылмыш-жаза соту теги кыргызстандык жаранга каршы ачылган доо боюнча ишти 27-октябрда карап, чечим чыгарган. Ал 15 жылдан бери Анталияда  жеке менчик музыка мектебинде пианино мугалими болуп иштечү. Сабак маалында мугалим окуучу кыздын бутун кармалагандыгы айтылат. Мугалим өзүнө коюлуп жаткан айыптарды четке кагууда.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here