Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы Жалал-Абад шаарында таксистке кардары кол салып, бычактап кеткенин кабарлады.  Маалыматта:  11-октябрга караган түнү саат 21:00 чамасында 27 жаштагы Авазбек «Тойота-Ист» автоунаасы менен Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсүндө — борбордук базар тарапта өз ишин аткарып турган.  Ага 20-25 жаштар чамасындагы кардар кайрылып, Ош—Бишкек унаа жолундагы Сузак айлампасы тараптан Бишкектен салынган жүктү тосуп келүү үчүн жалдаган. Кардардын айткан жерине барып, жүктү күтүп турмакчы болушат. Айдоочуга жанаша отурган кардар бычак менен  сол желкесине бир жолу, оң жак кулагынын жанына бир жолу, бетине бир жолу сайып жиберген.  Жабыр тарткан айдоочу автоунаадан сыртка качып чыгып, жолдогу унааны токтотуп, бейтааныш адамдар аркылуу ооруканага жеткирилген. Ал эми шектүү Бишкекти көздөй жол тарткан, бирок Ош—Бишкек унаа жолунун Топурак-Бел аймагына жеткенде унаанын башкаруусун жоготуп, жол кырсыгына учураган. Ал жерге автоунааны таштап, өзү качып кеткен. Бирок көп өтпөй кармалган.  Жабырлануучуга медициналык керектүү жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылды. Шектүү алгачкы көрсөтмөсүндө окуя болгон күнү акчасы жок курсагы ачып, таксистти алдап, ээн таалага алып барып акчасын алуу максатында ушул ишке баргандыгын айткан.

Тасма: Акипресстики

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here