Кечээ Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында мал сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 15 миң түк чөп, 40 баш кой, 2 жылкы жана 60 тоок тирүүлөй күйүп кетти. Мал сарайдан өрт чыккан кезде, үйдө эч ким жок болгон. Бир топ убакыттан кийин келишкен өрт өчүрүүчүлөр сарайдын жанындагы үйдү өрттөн сактап калышкан.