Кечээ күнү  Бишкектеги жаңы ачылган  “Ак сарай” имаратында  “Замандаш” саясый партиясы өзүнүн келечекке багытталган программасынын бет ачаарын өткөрдү. Бул иш — чарага кыргыз саясатындагы үлкөндөрүнөн көп келди. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаттары баштаган саясатчылар,  эксперттер, мурунку премьерлер Апас Жумагулов, Амангелди  Муралиев,  генералдар Мелис Турганбаев, Бактыбек Жусубалиев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Артур Медетбековдор мурда кийин мамлекеттик кызматта жүрүшкөн кыргыздын белдүү азаматтары, ишкерлер, журналисттердин жоон тобу, маданияттын өкүлдөрү ж.б. Айтор “Ак сарайдын”  ичи  ушундай “каймактарга” бапырап эле толуп калды.

“Замандаш” партиясы программасынын бет ачаарын  башка партиялардан кыйла башкача форматта өткөргөнү менен айырмалана алды. Себеби, буга чейинки өткөн ушу сындуу иш-чараларда  башка партиялардын лидерлери, андан кийинкилери өздөрү кечке сүйлөп, андан соң конокторго да узак сөз берип, элди тажатып келгени маалым. “Замандаш” мындай тапталган форматтан качып, жаңы технологиянын күчү менен бет ачаарды кызыктуу өткөрө алды. Бул иш-чарага келгендер “Замандаштын” программасын чоң экранда жеткиликтүү көрө алды.

Жалпылап алып карганда партиянын бул программасы өлкөнү өргө сүйрө турган жакшы багыттардын бири болуп калсын дейли…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here