26-октябрда кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков Венгрияда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге үчүн күрөштө азербайжандык Элданиз Азизлиге жеңилип (0:10), күмүш байгеге татыды.
https://www.youtube.com/watch?v=AItEXvqTOT8
Шаршенбеков 25-октябрда финалдык беттешке жолдомо алганга чейин бардык атаандаштарын ири эсепте жеңген болчу. Алгач 1/8 финалда түштүк кореялык Хее Донг Сонду 9:0, чейрек финалда армениялык Норайр Хакхоянды 11:0, жарым финалда түркиялык Екрем Өзтүрктү 9:0 эсебинде утуп алган.
Кыргызстандын грек рим күрөшүнүн тарыхындагы экинчи күмүш медал. Эске сала кетсек, дүйнө чемпионатында Кыргызстандын эсебине таандык алгачкы күмүш медалды балбан Канат Бегалиев 2006-жылы Гуанчжоуда өткөн дүйнө чемпионатында алган. Ошентип, Жоломан жакшы аракеттерид көргөнү менен Канат мырзанын рекордун жаӊырта албай калды