Бүгүн Бишкектеги жаңы ачылган  “Ак сарай” имаратында  “Замандаш” саясый партиясы өзүнүн келечекке багытталган программасынын бет ачаарын өткөрдү. Бул иш — чарага кыргыз саясатындагы үлкөндөрүнөн көп келди. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаттары баштаган саясатчылар,  эксперттер, мурунку премьерлер Апас Жумагулов, Амангелди  Муралиев,  генералдар Мелис Турганбаев, Бактыбек Жусубалиев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Артур Медетбековдор мурда кийин мамлекеттик кызматта жүрүшкөн кыргыздын белдүү азаматтары, ишкерлер, журналисттердин жоон тобу, маданияттын өкүлдөрү ж.б. Айтор “Ак сарайдын”  ичи  ушундай “каймактарга” бапырап эле толуп калды.

“Замандаш” партиясы программасынын бет ачаарын  башка партиялардан кыйла башкача форматта өткөргөнү менен айырмалана алды. Себеби, буга чейинки өткөн ушу сындуу иш-чараларда  башка партиялардын лидерлери, андан кийинкилери өздөрү кечке сүйлөп, андан соң конокторго да узак сөз берип, элди тажатып келгени маалым. “Замандаш” мындай тапталган форматтан качып, жаңы технологиянын күчү менен бет ачаарды кызыктуу өткөрө алды. Бул иш-чарага келгендер “Замандаштын” программасын чоң экранда жеткиликтүү көрө алды.

Эми программанын өзөгү тууралуу эки ооз сөз. Белгилүү болгондой Кыргызстанда  Адилет министрлигинен 200дөн ашуун партия каттоодон өткөн. Бирок алардын көбү катталган бойдон “катып” турат. Жандуу иштеп, элге жакын болуп турган партиялар беш манжага да толбойт. Эми ошол  аты бар делген  партиянын программаларынын өзөгүн карай турсак, жалпысынан алганда окшош жана супсак. Бул жагы элге маалым. “Замандаштын” келечекке багытталган прогарммасы   кыйла кызыктуу жана маанилүү  экен. Чынында программа  кургак сөздөр менен камтылбай, дүйнө  өлкөлөрүндөгү экономикалык өсүш,  жаңы технологиянын  агымы менен салыштыруулар көп колдонулган. Бекеринен Жеңиш Молдокматов башында турган «замандашчылар» партиянын атын «Келечек 4.0» деп атабаса керек. Негизи адамга салыштыруулар ыкмасы менен ар кандай маалыматтар тез жетип,  эс -тутумга орноп калат эмеспи. Эмесе, сөздү токтотуп, жогоруда сөз кылып жаткан программанын видео жана текст түрүндө төмөндө көрүп, окуп,  сиз да оюңузду ортого салыңыз.

 

 «Келечек 4.0»

БИЗДИН ОЙ ЧАБЫТ:

          Кыргызстан – көз карандысыз, коомчулуугу эркин, өнүккөн, жашыл-инновациялык экономикасы жана экологиялык агро-өнөр жайы бар, дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн татыктуу орду бар өлкө.

Биздин программанын жети багыты:

  1. Элдин жыргалчылыгын камсыздаган-мамлекет;
  2. Инновациялык-өлкө;
  3. Жашыл экономика;
  4. Түрмөсү жок-өлкө;
  5. Дүйнөлүк коомчулукта татыктуу орун;
  6. Эркиндик;
  7. Элдик бийлик.
  1. Элдин жыргалчылыгын камсыздаган- мамлекет

Жарандардын материалдык жана ички дүйнөсүнүн бакубаттыгы.

  • Билим берүү жана маданий программаларга каржылык жактан жардам берүү;
  • Калктын социалдык жактан аярлуу катмарына (жумушсуздарга, пенсионерлерге, майыптарга) колдоо көрсөтүү;
  • Үй-бүлөгө, ата-энеге, балага колдоо көрсөтүү;
  • Эмгекти жана элдин ден-соолугун коргоо;
  • Кирешени кайра бөлүштүрүү аркылуу социалдык теңсиздикти жөнгө салуу;
  • Элдин биримдиги.

Элдин жыргалчылыгын камсыздаган мамлекет – бул саясий концепциянын түзүмүндө тең мүмкүнчүлүк менен баарына бирдей шарт түзүү, татыктуу жашоо үчүн аз камсыз болгон жарандарга, кирешени адилеттүү бөлүштүрүү. Бул тажрыйбаны, АКШ,  Жапония, Улуу Британия,  Германия сыяктуу өнүккөн өлкөлөр ийгиликтүү колдонуп келет.

  1. Инновациялык өлкө

Жаңы идеялар.

  • Прикладдык илимди жана чакан бизнестерди өнүктүрүү;
  • КРнын бардык аймактарын 5G интернет менен камсыз кылуу. IT технологияны өнүктүрүү;
  • Инновациялык агымды жандантуу системасын түзүү;
  • Технологиялык өнүгүү;
  • Жогорку технологиялык өндүрүмдү, жогорку кошулган баа менен чыгаруу;
  • Илимий окумуштуулар жана ойлоп табуучулардын интеллекти аркылуу киреше табуу;
  • Интеллектуалдык менчикти коргоо;
  • IT технологиялык аянтчасын түзүү;
  • Криптовалютаны киргизүү.

Ойлоп табуучуларга мүмкүнчүлүк түзүп берүү аркылуу, инновацияны өнүктүрүүгө шыктандырабыз, жаңы технологияны импорттоого түрткү беребиз. Биз, билим берүү чөйрөсүнөн баштап илимдер академиясына чейин жана баардык мамлекеттик мекемелерге инновациялык башкаруу системасын киргизебиз.

  1. Жашыл экономика

Кыргызстан — экологиялык таза продукцияны өндүрүү боюнча регионалдык борбор.

  • Азык-түлүктөрдү жана керектелүүчү товарларды экологиялык жактан таза өндүрүү;
  • Энергиялык эффективдүүлүк жана анын жоготуусун азайтуу;
  • Сууну үнөмдөө;
  • Альтернативдик энергия чыгаруучу булактарды өнүктүрүү;
  • Электроунааларды өнүктүрүү;
  • Калдыктарды азайтуу жана кайра иштетүү.

Кыргызстанда айдоо жерлердин аянты 900 000 га, Казакстанда 34 млн. га, Кытайда 92 млн. га, Орусияда 116 млн.га… Биз өндүрүмдүн саны боюнча коңшу өлкөлөргө атаандаш боло албайбыз. Бирок, сапат жагынан туруктуу атаандаш болобуз. “Кыргызстан- экологиялык таза азык-түлүктүн өлкөсү ” – бул дүйнөлүк базарда биздин брэнд болот.

  1. Түрмөсү жок — өлкө

Укук бузуулар болбош үчүн алдын алуу иш-чаралар.

  • Шектүү өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөө үчүн мүмкүнчүлүк алган укуктук система;
  • Көз карандысыз сот системасы;
  • Коомдогу басмырлоодон жана жарандарды адилетсиздиктен коргоо;
  • Коомдогу баалуулуктарды баалоо жана коргоо;
  • Ийгиликтүү болуш үчүн – өзүн-өзү өнүктүрүүдө бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк;
  • Аймактарда жаштарды иш менен камсыз кылуу. Жумушсуздук менен күрөшүү;
  • Спортту жана пайдалуу эс алууну өнүктүрүү;
  • Бизнес инкубаторлор институттары жана орто муундар үчүн билим берүү борборлору.

Скандинав өлкөлөрүндө жалпы элдин жашоо деңгээлинин өсүшүүнө ылайык, акыркы түрмөлөр жабылууда. Жарандардын социалдык абалын жакшыртуу, билим берүү жана маданиятты көтөрүү, баардык жерге видео байкоолорду орнотуу жана башка долбоорлор аркылуу коомчулукка кеңири жайылтуудагы системалык иштин негизинде гана оорчундуу кылмыш иштер азаят жана жок болот.

  1. Дүйнөлүк коомчулукта татыктуу орун

Эки тараптуу сый мамиле жана ийкемдүү кызматташтыкта түзүлгөн көп багыттуу тышкы саясат.

  • Өлкөнүн ИДӨмүн 5 жылда эки эсе көбөйтүү;
  • Аймактагы логистикалык борборлор;
  • Эл аралык авиахабды түзүү;
  • Тышкы жана ички коопсуздукту камсыздоо;
  • Экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугу;
  • Экспортко багытталган өндүрүш.

Монголия деңизден алыс жайгашкан. Андыктан, эл аралык маанидеги аэропортторду тез ыргакта курууда. Бүгүнкү күндө аба жолдору авто жолдорго баасы менен атаандаш болууга мүмкүнчүлүгү жетти. Биз, Кыргызстанды Борбор Азиядагы логистикалык борборго айлантуу үчүн, эл аралык долбоорлорду ишке ашырабыз.

  1. Эркиндик

Жарандык эркиндик.

  • ЖМК эркиндиги;
  • Ой жүгүртүү, дин тутуу жана сөз эркиндиги;
  • Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын эркиндигин коргоо;
  • Экономикалык эркиндиктер;
  • Салыктык жүктү кыскартуу;

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here