(Сүрөтчү Асхат БЕЙШЕМБЕКОВго сүртүмдөр)
Убакыт, мезгил деген нерсенин өзүн баамдай билген адам, өмүрдүн өтө аз берилгенин түшүнүп, түн уйкусун калкына арнаганга милдеттүү. Ал эми элим деп соккон жүрөк
эзели жамандыкка барбайт. Ушул түшүнүктү туу тутуп, эл арасында карапайым бир адам каржала мээнеттенип, айланада болуп жаткан бардык көрүнүшкө кабыргасы кайышса да, өнөрканасындагы жарыгын өчүрбөстөн Түндү жолдош кылып, кыл калемин өйдө-ылдый чиймелейт. Колундагы кыл калем канчалык шилтенген сайын бирде арманын, ызасын, артта калган ошол кыштын дене титиретип, жүрөктү үшүткөн каран түнүн азга болсо да унуткаргансыйт…
КЫШ ДЕМЕКЧИ…
Алты жылдын жүзү болду. Ушул алты жыл – сүрөтчү Асхат үчүн айтып болгус бир азапка айланды. Күндөр айга, айлар жылга созулгандай. Кай бирде убакыт дегендин өзү мамыга байланган аттай — бир ордунда тургандай… Анан көңүл чөгөргөн ойлорго алдырган күнү “өлөйүн десем жан таттуу, кирейин десем жер катуу” деп эриндерин кырча тиштеп, ээк ылдый аккан жашын этибар албастан жалгыз эрмеги – сүрөт тартуу менен алектенет. Эгер ушул турушта сүрөтчүнүн тула боюн туйлатып, алдагайда, көз жетпеген жээктерге жетелеген канаттуу кыялдары болбогондо, кулак угуп, көз көрбөгөн жактарга эбак эле безип кетмек…
Чыгармачылык машакат – Асхат үчүн зор бакыттын өзүнө айланган.
Өмүрлүк жолдош демекчи…
Каргадайдан баш кошуп, турмуштун тузун кошо татып, балын бирге жеген алган жары
Айнурасынын караанына зар болуп, кай бирде шолоктоп ыйлайт. Алты жылдан бери ыйлап олтуруп, көздө жаш деле калбай калган сыяктанат. Көздө жаш түгөнгөнү менен көкүрөктө күйүт түгөнмөк беле?!
* * *
Ошол кыштын дене-бойду ичиркенткен темир аязы кудум бүгүн да жүрөгүнө муз болуп тоңуп калгандай. Каргашалуу январь айынын он бири эси-көөнүнөн чыккыс так салды. Түкүрсөң түкүрүгүң жерге түшпөй муз болуп, көздөн аккан жаш көл-шал төгүлүп…

Астанадан чыккан поезд ичинде адамдардан оолак муздак тамбурда отуруп алып, өмүрдөн эрте көчкөн алган жары Айнурасынын жансыз жасатын кучактап алып бир топко өңгүрөп алат да, анан буга дейре кетирген аз айып, көп күнөөм болсо кечире гөр! – деп, кайрадан жашын төгөт…
Дүйнө чиркин – жалган, ай,
Жалгандан көңү калган, ай.
Көгөрүп келип өмүргө,
Көмүлүп кеткен арман, ай…
Муну казактын бир акыны да каңырыгы түтөй жакынынан айрыла мөгдөп отуруп чыгарган бейм!?
– Өлгөндүн артынан кошо өлбөйт, кайрат кыл! – деп, жанында тирек боло турган же жакын курбулары болсочу!? Андай азапты азыр душманына да тилебес эле Асхат…
Жаны экиге бөлүнүп, жартысынан айрылган учурда дем берип алдыга сүрөгөн бир караанды табалбай, айласы куруду ошондо….
Көрсө, бир кезде жаныңдан чыкпай жабалактаган жоро-жолдош, дос-курбу дегендер да башыңа кара булут айланган кезде билинет тура!?
* * *
Казак талаасында анда-санда поезд көккө түтүнүн буралта бир бакырып алып, дөңгөлөк адатынча тынымсыз шакылдап кирет. Вагон ичиндеги айрымдарынын каткырыгы таш жарса, айрымдарынын бака-шакасы түгөнбөчүдөй…

КАНИЕТ
Убакыт, мезгил өзү дарылайт. Жүрөгүндөгү ошол жарат эми гана карттанып келаткандай.
Азыр Асхаттын жашоосуна өзгөчө көрк, боёк кошуп шаңданткан уул-келини менен кошо өзүн имерчиктеп айланган небереси.
Убакыттын учканы менен алпурушкан Асхат көпчүлүк таңды кирпик ирмебей жалаң чыгармачылыкка арнады. Анын жараткан эмгектерин жоон топ сүрөтчүлөр, аткаминерлер көрбөсө да, Асхат менен керелден-кечке искусство, тарых, маданият тууралуу эчен курдай баарлашкан биз билебиз!
Эмнегедир каржала иштесе да, азырынча сүрөтчүнүн убакты-сааты чыкпагандай… Миң-сан китептерди көкүрөгүнө сыйдырып, даанышмандыкты, анан да болгонун болгондой айткан бетке чабарлыкты боюна жыйган адам – кантип эле өз эмгектеринин үзүрүн көрбөсүн!?
Анан да чыгармачылык сапарында жалган даңк менен мансапка умтулбай, баш көтөрбөй мээнеттенген сүрөткер – кантип эле жеңишке жетпесин?!
Эмгек менен Эрк… Ишеним менен Эргүү – адамды эч качан алдабайт!
Данияр ИСАНОВ. 2013-жыл

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here