Эртең, 26-октябрда «Замандаш» партиясы программасы менен тааныштырат. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, партиянын ишмердүүлүгүнүн негизи боло турган программалык документ алгачкы жолу коомчулукка чыгарылат.

«Биздин партиянын программасын ар тармактын адистери иштеп чыккан, эксперттердин талдоосунан өткөн. Бул программа менен партиябыз мындан аркы иштерин жүргүзөт»,-деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары бул иш чарага белдүү саясатчылардын жоон тобу жана коомдук ишмерлер катышаары маалым болду.

Аталган партиянын программасын презинтациялоо Анкара көчөсү 7/2 дарегинде саат 11:00дө өтөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here