“Улуттук энергохолдинг” компаниясынын башчысы Азамат Абдыкадыров өзүнүн айылык акысы 100 миң сомдун тегерегинде экенин бүгүн парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Ал айлыгы 80-90 миң сомдой экенин, сентябрь айында колуна 100 миң сомго жакын акча алганын билдирди. Эске сала кетсек, бул мекеменин мурунку жетекчиси Айбек Калиев ТЭЦтеги коррупцияга шектелип, учурда абакта жатат