Жайылд районуна караштуу  Суусамыр өрөөнүндө белгисиз адамдар тапанча менен коркутуп унаадагы үч адамдын 25 миӊ сомун тоноп кетишкен. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бул окуя милиция кызматкерлерине маалымдалып, Кара-Балтадагы «Сосновка» постунан шектүүлөр колго түшүрүлдү. Аларды текшерүү учурунда тапанча да табылган. Учурда тактоо, териштирүү иштери жүрүп жатат.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here