Rыргызстанда бош турган министрлик орундарга талапкерлер көрсөтүлдү.

Кыргызстанда бош турган министрликтерге жетекчилерди “сунуш кылууну” зоок көргөн социалдык тармактарды колдонуучулардын талкуусу аяктады. Буга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигине Улукбек Кочкоровдун, ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жетекчилигине Азамат Жаманкуловдун талапкерлигин көрсөткөнү себеп болду.

Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу бул туурасында кыскача маалымат берди:

— Өкмөттүн мүчөсү кызматынан кеткен шартта премьер-министр министрлик кызматка талапкерди президентке сунуш кылышы зарыл. Ал үчүн Жогорку Кеңештин жактыруусу керек. Премьер-министр ушул мыйзамга ылайык маданият министринин кызматына Азамат Жаманкуловду, ал эми социалдык өнүктүрүү министринин кызматына Улукбек Кочкоровду сунуш кылды.

Эми талкуулар “Бул адамдар министрликтерди кандай башкарат жана ушул кызматтарга татыктуубу?” деген суроонун тегерегинде өтүп жатат.

Улукбек Кочкоров.
Талапкерлиги социалдык өнүктүрүү министринин кызматына көрсөтүлгөн Улукбек Кочкоров — өлкөдөгү белгилүү саясатчылардын бири. Кесиби боюнча экономист, бир топ жыл бою коопсуздук кызматкери болгон 44 жаштагы Кочкоров буга чейин «Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Ал эми былтыркы президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, шайлоочулардын 1 пайызга жетпеген добушун алып, бешинчи орунга чыккан.

Мурдагы бийликтин саясатын сындап келген Кочкоров азыркы президент боюнча көз карашын билдире элек. «Азаттык» менен болгон акыркы маегинде ал Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишин баамдап, андан соң баа берерин айткан жайы бар. Буга чейин маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда Улукбек Кочкоровду мамлекеттик кызматка тартуу боюнча сунуштар айтылып келген. Эми сөз болуп жаткан кызматка келсе, ал коомдун аяр катмарлары менен иш алып баруучу министрликти жетектейт.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин жана анын орун басарларынын орду 11-октябрдан бери бош турат. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөргө өзүм билемдик менен барган саякаттарын текшерүүнү сунуш кылган. Буга байланыштуу Башкы прокуратура алар премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен чет жактарга бир нече ирет барганын ырастаган. Ошондон кийин министр Таалайкүл Исакунова, анын орун басарлары Лунара Мамытова менен Жылдыз Полотова кызматтан кеткен. Анын алдында “Түштүк Кореядан келе жаткан учакта чыр салды” деген министрдин дагы бир орун басары Зууракан Каденова иштен алынган.

Ал эми Маданият министрлигинин жетекчилигине сунушталган, 32 жаштагы Азамат Жаманкулов болсо акыркы үч жылдан бери ушул министрликте орун басар болуп иштеп келген. Ал мекемеде туризм тармагын тейлечү. Кыргыз-Түрк «Манас» университетин бүтүргөн Азамат Жаманкулов 2014-жылга чейин жеке ишканаларда эмгектенген. Ал эми 2014-жылы Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарын уюштуруу боюнча катчылыктын жетекчисинин орун басары болуп, андан соң мамлекеттик кызматка өткөн.

Мурдагы маданият министри Султан Жумагулов быйыл 8-октябрда 59 жашында көз жумган эле.

Маданият тармагы Кыргызстанда көйгөйү өтө көп, аялуу тармак болуп саналат. Азамат Жаманкулов министрлик кызмат боюнча сунуш күтүүсүз болсо да, тармакты оңдоо жөнүндө өз көз карашы бар экенин билдирди:

Азамат Жаманкулов.
Азамат Жаманкулов.

— Бул мен үчүн күтүүсүз сунуш болду. Бир-эки күн мурун эле премьер-министр мени чакырып, сунуш кылды. Бул министрликте акыркы үч жылдан бери иштеп жаткандыктан көйгөйлөрүн, мүмкүнчүлүгүн билебиз. Ошондуктан ойлонуп көрүп, макулдугумду бердим. Учурда өз көз карашымды, программамды жазып жатам. Жогорку Кеңешке сунуш кылам.

24-октябрда Жамангулов деген фамилиядагы дагы бир жаш жетекчи жооптуу кызматка дайындалганы белгилүү болду. Өкмөт мүчөсү болбосо да, өлкөдөгү эң майлуу деп эсептелген «Альфа Телеком» (“Мегаком”) компаниясынын башкы директорлугуна премьер-министр Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангуловду сунуш кылган.

2010-жылдан соң 100 пайыз акциясы мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн бул компания учурда коммуникация тармагында ири ишканалардын бири болуп саналат. Компанияны 2012-жылдан бери башкарып келген Азат Базаркулов эмне себептен кызматтан алынганы туурасында расмий түшүндүрмө берилген жок.

Бүгүн 30 жашка чыгып жаткан Акылбек Жамангулов парламентте «Республика — Ата Журт» партиясынын депутаты болуп келген. Аталган фракция буга чейин Жамангуловдун талапкерлигин Энергетика, өнөр жай жана минералдык ресурстар комитетинин башчылыгына сунуш кылып, өкмөт аны дайындоодон баш тарткан эле. Депутат катары ал быйыл жыл башындагы Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айланасындагы чырга байланыштуу мурдагы өкмөттү катуу сындап келгени белгилүү.

Өкмөттүн акыркы кадрдык сунуштарына чейин тиешелүү тармактардын жетекчилерине байланыштуу чуулгандуу окуялар чыкканы маалым. Ошондуктан “өлкө жетекчилери кадр саясатында коомдук пикирди эске алды” деген ойлор айтылууда. Алардын бири — Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев.

— Кандай талданган күндө да эки министрлик кызматка туура талапкерлер көрсөтүлдү деп эсептейм, — дейт ал. — Өкмөт коомчулуктун, жарандык коомдун пикири менен эсептешти деп ойлойм. Премьер-министр бул жагынан ушундай ниети бар экенин көрсөтө алды. Мисалы, мен Азамат Жаманкуловду туризм тармагында прогрессивдүү ойлору бар кадр катары билем.

Бирок өкмөттүн акыркы сунушу айрымдарга жакканы менен “кадр саясатын жүргүзүүдө системалуу иштер жок” деп сындагандар бар. Эксперт Сейтек Качкынбайдын пикиринде, бул багытта конкреттүү критерийлер иштелип чыкпаса, үзүл-кесил дайындоолордон эч жыйынтык чыкпайт:

— Азыркы өкмөттүн чечими элдин маанайына карап кабыл алынганы көрүнүп турат. Бул эми жоктон көрө жогору. Бирок системалуу түрдө, кайсы бир критерийге таянып иш кылып жатат дегенди билдирбейт. Элдин баары «аа, ушул эрежени карманып, татыктуу кадрды тандаптыр» деп ынандырчу жүйөсү жок. Мисалы, эмне үчүн ал жерге Улукбек мырза, же Алмазбек же Таштанбек дайындалганынын мааниси жок. Бирок “Эмне себептен ошол кызматка дайындалды, кайсы критерий, кайсы калыпка таянып тандалды?” деген суроого жооп жок болуп калат.

Эми премьер-министр өз сунуштарын Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтөт. Мыйзамга ылайык, аларды парламент жактырган соң гана президент тиешелүү дайындоо боюнча жарлыктарды чыгарат.

Кыргыз өкмөтүнүн курамында он эки министрлик жана төрт комитет бар.

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here