Президент Сооронбай Жээнбеков Айыл-чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алып, анын ишмердүлүгүн катуу сынга алып: «начар иштеп» жатканын шардана кылды. Президент айыл чарба азыктары боюнча экспорт маселеси талапка ылайык болбой жатканын, картошка баштаган айыл-чарба азыктарынын арзандап кеткенин айтып, бул боюнча жетиштүү чара көрүшүн талап кылды. Өткөн жылы республика боюнча 83, 2 миң гектарга картошка айдалса, быйыл 84, 5 миң гектарга айдалган. Картошканын жалпы түшүмү 1,5 миллион тоннага жеткен. Ал эми Кыргызстандын бир жылдык керектөөсү 800 -900 миң тоннага чейин эле. Мурашев картошканы эмес, башканы жөнгө сала албай жатса, бул маселени кантип чечсин. Андан көрө идиректүү, камчыга сап адамдардан тандап, Мурашевдин ордуна алып барбайсыңарбы?
Булак: Багыт