Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатуу фактысы боюнча жети медицина кызматкерине айып коюлду. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүн, 24-октябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

 Алты киши тергөө абагында, бирөө үй камагында,— деген Кашкар Жунушалиев тергөө кызыкчылыгынан улам бул иш боюнча иликтөө бүткөндөн кийин толук маалымат берилээрин айтты.

Эскерете кетсек буга чейин Бишкектеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун биринде иштеген гинекологдор бала сатууга шектелип кармалганы айтылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here