Бул тууралуу маалыматты депутат Эльвира Сурабалдиева айтып чыкты. Ал комитет жыйынында Улуттун банктын төрөгасы Толкунбек Абдыгуловго: “1990-жылдардын башында үч  адам мамлекеттин кепилдиги менен «Курулуш» деген банктан  500 миң доллар насыя алып, аны төлөбөй коюшуп, банкты банкрот кылышкан.  Сиз билесизби, алар кимдер экенин?” – деген суроо салды эле. Абдыгулов ийинин куушуруп тим болду. Депутат : “Сиз билбесеңиз мен айтайын. Алар: Игорь Гусаров, Данияр Усенов  Дмитрий Воробьевдор. Бул адамдар мындай кылмыштуу аракеттери үчүн жоопко тартылбай калышты. Мамлекетти алдашты. Жогорку кызматтагы адамдар аларды   коргоп коюшкан. Бул кылмыштын бети толук ачылсын. Кийинкилерге сабак болсун” – деп айтты. Эмнеси болсо да, туура айтты. Бирок бул маселе боюнча мынча көп жылдан кийин кандайдыр бир жыйынтык чыгаарына ишенүү кыйын.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here