Буга чейин белгилүү болгондой өткөн жылы күз айларында  159 аскер кызматкери  1979-1989-жылдары болгон ооган согушуна катышканбыз деп, жалган документ менен 2010-жылдардан бери мамлекет тарабынан ай сайын 6 миң сом пенсия алып келишкен ачыкталган. Бул маселени иликтенген атайы комиссия  ооган согушунун ардагеримин деп келген Кыргызстандын 37 жараны Ооганстандагы согушка таптакыр эле катышпаганы аныктаган. Аскер прокуратурасы бул иш боюнча кылмыш ишин козгогон. Алардын  ана башында элге кадыры деле жок, анчалык деле белгисиз эки генерал турат. Алар: Чек ара кызматынынын төрагасынын экс-орун басары, генерал-майор Рысбек Мирзаматов жана  Коргоо министрлигинин башкы штабынын экс-начальниги Нурдин Чомоев турат. Чомоевдин согушка катышпаганы аныкталып, ал козголгон кылмыш иштин алкагында мамлекеттке келтирген зыянды төлөп жатканы айтылат. Ал эми Миразматов 1983-1985-жылдарда Түркмөнстандын Иолотань шаарында кызмат кылган. Бирок Р.Мирзаматов кызмат кылган аскер бөлүгү Ооганстандын аймагындагы операцияларга жана согушка катышпаганын билгилүү болгон. Ошондой болсо да, Мирзаматов бүгүнкү күнгө чейин, кылмыш жообуна тартылбай, мамлекетке келтирген чыгымын төлөбөй жүрөт. Ал тургай бет тырмарлык кылып, “согушка катышкам” деп актанып жатат. Башкы прокуратура, эмне үчүн Мирзаматовго козгогон кылмыш ишин алдыга жылдырбай жатат? Же бул генерал таасирлүү адамдардын жардамы менен өзүнө козголгон кылмышты кыскарытырып алды беле? Башкы прокуратура бул маселени көзөмөлгө алып, тиешелүү чараларды көрөбү? Же жалган “согушкер” генералды жактайбы?

Булак: Багыт

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here