Абдыбек мырза, жакында сиздер  Суусамыр — Талас-Тараз жолун салган “Чакыр Япы”  аттуу түрк копаниясы миллион долларга жакын акчаны сол чөнтөккө солоп койгон деген маалыматты айтып чыктыңыздар. Бул боюнча толук айтып берсеңиз?

—Ушундай маанидеги кат Зарылбек Рысалиев экөөбүзгө келген. Бул коррупциялык иш боюнча Башкы прокуратура иш козгогону менен 4 айдан бери жылбай жатыптыр. Биз бул маселени комитетте карап, Жумушчу комиссиясын түзүп, иликтөөгө киришкенбиз. Суусамыр –Талас-Тараз жолун көрүш үчүн ушул комиссиянын курамы, тиешелүү адистер Таласка барып келдик. «Чакыр Япы Санайи Ве Тижарет» деген компанияасы ал жолду салууда генподрядчик болгону менен, “Кыргыз жол курулуш” компаниясы ал компанияга жалданып,  30 чакырым (75-105 км аралыгын) жолду курушуптур. Кыргыз компаниясы өздөрү аткарган жумушту толук айтып беришти. Бизге ал жолду салгандар: “Түрк компаниясы биз аткарбаган жумуштарга коррупциялык схема түзүп, “ушул иш жасалды деп туруп”  жалган документке кол коюшуп,  баш аягы 803  миң доллардан ашуун акчаны  чыгарып кетишкен. Эгер бул суммага иш жасалса, биз билет элек” – деген маалыматты беришти.  Чынында бизге андай акчага аткарылган ишти көрсөтө алышкан жок. Биз 30 чакырым жолду жөө деле басып өтөлү, жасалган ишти жолдон көрсөткүлө десек, анда да көрсөтө алышкан жок. Бул 30 чакырым жолго жалпысынан 17, 5 миллион доллар каралган. Сырттан карызга алынган каражат да. Бул акчаларды эми биз төлөшүбүз керек. Башынан карап көрсөк, ушул “Чакыр япы” компаниясынын лицензиясы  да жок экен. Транспорт министрлиги мунун баарына көз жумду кылып койгон. Кызыгы, бул компания Мамлекеттик, курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба боюнча агенттиктен быйыл эле (Кыргызстанда иштеп баштагандан кийин 3 жылдан кийин) лицензия алыптыр. Ага чейин лицензиясы жок эле иштеп келген. Башкы прокуратурага биздин материалдар берилди. Азыр эми жыйынтыгын күтүп жатабыз.

—“Чакыр япы” бул жолдон башка да жолдорду салып жатпайбы. Ал жолдордон да коррупциялык схемаларды түзгөн да. Бул жагы да текшерүүгө алынабы?

 —Бизге ушул компания тууралуу дагы маалымат келди. Аталган компания Ош-Баткен -Исфана жолун да курган экен.  Азыр ал жолду салуу боюнча өткөрүлгөн тендер туура эмес өтүп, анын кесепетинен  3 миллион доллардай каражат желип кетти деп айтылып жатат. Биздин Жумушчу топ ал жолду да жеринде барып көрүп келүүнү максат кылабыз. Айтор, баарын тыкыр иликтөөгө алышыбыз зарыл.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here