Павлодарда (Казакстан) ай күнүнө жетпей төрөлгөн ымыркайды таштанды челектен  таап алышканы тууралу маалыматты казак ЖМКлары жазды.

Ымыркай табылааары менен полиция кызматкерлери анын энесин табууга аракет  кылышкан. Көп өтпөй Аксу шаарында окуп, иштеп жаткан кыз кармалган. Анын айтымында кош бойлуу экенин ата-энеси билбегендиктен, жашырынып үйдө төрөгөнө туура келген.

Учурда ымыркайдын энеси ооруканада медициналык жана психологиялык жардам алып жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here