Жогорку Кеңештин  депутаты Табалды Тиллаев 18-октябрда “Президентти ташыган учакты башкалардан белек катары сурап болсо да жаңылап бериш керек”,- деп парламентте демилге көтөргөн. мына ушундан кийин  Россиянын Regnum.ru  маалымат агенттиги баштаган бир катар  ЖМКлар “Кыргыздар президентине Путиндин жаӊы  учак белекке берүүсүн каалап жатат” деген маалымат жазып чыгышты. Аталган басылма:  “Путин Кыргызстандын  президенттик учагын 10 жыл мурун белекке берген. Дагы бир жолу учак белек кылат деп үмүттөнсөк жакшы болмок, бирок бул биздин компетенцияда эмес.”- деп кайсы бир кыргыз атка минеринин сөзүн шилтеме берген. Орусиялык басылма Кыргызстандын жаӊы учак алууга мүмкүнчүлүгү жетпей турганы баса белгилеген. Ал эми бул маселе коомчулукта дагы кызуу талкууга алынууда.

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here