Сооронбай Жээнбековдун башкаруусундагы бир жыл мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы туруу белгиси менен өттү. Алардын мамилесиндеги ажырымды байкаарым менен Алмазбек Шаршеновичке суроо узаттым: “Сиз Жээнбеков досум дегенсиз. Бул Платон менен Аристотелдин белгилүү окуясын эске салат, анда Аристотелдин: “Плантон менин досум, бирок ариет өйдө турат”, — деп айтканы лакапка айланып калбадыбы. Алардын талашы ушул убакка чейин уланып келатат. Сиздин көз карашыңыз досуңуз Сооронбай Шариповичтикинен эмнеси менен айырмаланат?” Алмазбек Шаршенович бул суроого жооп иретинде өлкөнүн парламентаризмге жана “Таза коомго” багытталган жолунан чегине баштаганын сезгенин айтты.

Мени, саясий серепчи катары, кийинки нерсе кызыктырды: мурдагы жана азыркы президенттердин ортосунда, Атамбаев бийликти досуна өткөрүп берүү чечимге келген кезде, сүйлөшүү кандай форматта өткөн? Диалог иретиндеби, же монологбу? Ал “Жашыруун кечеге” “жандоочулар” катышканбы, же алар өздөрүнөн башка эч кимди аралаштырбай жекече сүйлөшүшкөнбү? Атамбаев Жээнбековго кандай шарттарды койгон? Анан дагы: “постту берди, постту алды” принцибинде демократия, саясат, экономика, мамлекеттик жана партиялык түзүм жаатындагы жетишкендиктерди сактоо жана өнүктүрүү боюнча насааттар айтылганбы? Жалпысынан, мен бийлик кандай деңгээлде болбосун (президенттен айыл өкмөт башчысына чейин) ушундай образда өткөрүлүшү керек деп эсептейм.

А ал учурда Атамбаев досунун ийининен таптап, “Кана, Соке, менин үмүтүмдү жокко чыгарба!” – деп эле койсо керек. Бирок, жыйынтыгында биз азыркы эки негизги саясий фигуралардын кайчы көз карашын жараткан кырдаалга туш болдук. Бирок, муну жаман деп да, жакшы деп да айтууга болбойт, бул мыйзам ченемдүү нерсе. Бийликчилердин карама каршылыгы дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде илгертен эле болуп келген. Мисалга алсак, философиянын тарыхынан Платондун шакирти Аристотель устатынын дүйнөтаанымынын позициясын тескери сындаганы жана жаңы философиялык багытты жаратканы менен тактуулукка жетишкенин билебиз. Өз кезегинде Платон дагы устаты Сократка каршылаш жолго түшкөн. Бул талаш миңдеген жылдар бою түгөнбөй келатат.

А бирок Аристотелди бир дагы шакирти сынга албаган, ошону менен кийинки жүздөгөн жылдар бою эч кандай жаңы ачылыштар жасалбаган. Бир гана Фома Аквинский өз убагында Аристотелдин илимин улантып, ага теологиялык аспект берген, бул улуу философтун каза тапкан соң бир нече кылымдардан кийин гана болгон.

Саясатта да учурдагы президенттер өзүнө чейин тактыда отуруп кеткен президенттерди сынга алышы, же тескерисинче мамиле жасашы бул салтка

айлангандай эле. Бул толугу менен Иса пайгамбардын туулганынан бир нече кылым илгери Гераклит тарабынан формулировкаланган диалектика мыйзамына ылайык келет.

Мамлекетти башкаруу – архитатаал милдет. Ленин мамлекетти жада калса “кухарка” да башкарып коет деп айткан учурда деле, чынында бул өтө оор иш экени маалым. Бул миссия үчүн саясий-башкаруу иерархиянын ар бир этабынан өткөн ар тараптуу даярдалган адамдар керек. Ырым-жырымга ишене турган болсок, бийликке төрөлгөндө эле бешенесине мамлекет башчысы болуу тагдыры буйруган адам келет. Мисалы, большевист лидерлеринин бири Лев Троцкий. Саясий сингулярдуулуктун метафизикасы мына ушунда жатат.

Нильс Бор менен Альберт Эйнштейндин улуу талашын биздин саясаттын табагына оңой эле салып коюуга болот: бул так ошол саясий дуализм. Президенттин саясий кредосу аны ченөө мезгилинде гана аныкталат жана ченөө бүткөндөн кийин аныкталбайт .

Кыргызстандагы бийлик түзүмү бүгүнкү күндө Стамбулдагы “Айя Софияны” элестетет. Башта ал собор болгон, андан кийин мечитке айланып, ал эми азыр музей. Христиандык стиль менен ислам элементтерин аралаштырган бул имарат учурда өзүнүн түз диний функцияларынан четтеп, музейдин гана милдетин аткарууда. Менимче, бул имараттын архитектуралык өзгөчөлүгүнөн улам болду. Чиркөөгө Курандын сүрөсүн илип жана ага төрт мунараны куруп коюу жетишсиз. Биздин мамадминистрациялоо түзүмүндө эклетиканын хаотикалык моделин ала жүргөн совет түзүмү менен базар түзүмү аралашып калган. Эгер биз мамлекет башындагылардын учурдагы түзүмүн өзгөртпөсөк, анда ал дагы эле “музейге” айлана берет.

20 жылдан ашуун ар кайсы рангдагы ишмерлер (саясатчылар жана политикандар) бирин бири болушунча айыпташып, дубалга чекелерин уруп келишет. Саясий “иван-сусаниндер” коомчулуктун башын айландырып, “айланып учкан каркыра” боло беришет да, андан өздөрүнө пайда таап жатышат. Ак куу, Чаян жана Чортон балык арабаны тартууну тулпарларга бошотуп берүүлөрү керек. Болбосо, алар үчөөлөшсө да арабаны ордунан жылдыра алышпайт. Крылов бул тамсилде бир гана аракеттердин биримдигин гана эмес, дүйнө карама каршылыктар менен да кармалып тураарын айткысы келген. Ал тамсилдин тарбиялык мааниси мындай: диалектикалык прогрессти ар тараптуу күчтөр гана алдыга жылдыра алат.

Ошондуктан, биздин коом бардык нерселерге карама каршылык болоорун кабыл алууга тийиш, жыйынтыгында ким күчтүү болсо ошол жеңет. Так ушул

биз белгилеген убакыттын жалгыз ишенимдүү жолу. Мамлекет башчылары үчүн башкы насаат Ницшенин: “Өзүңдү башкара билсең дүйнөнү башкарасың” дегени болушу керек.

Кыргызстандагы бийлик архитектурасы дүйнөлүк компьютердик тармакты түзүп, бүгүнкү күндө өзүнүн миссиясын аткарган Intel компаниясын эске салат. Аталган системанын иши физикалык жана интеллектуалдык жактан өзүнүн чегине жетти, анткени, эсептөөнүн ылдамдыгы транзиторлор затворунун, х86 жана ARM байланыш шайкештигинин ачылуу жана жабылуу ылдамдыгынан көз каранды. Мурда видеокарталар маалыматты мониторго чыгаруу кызматын гана жасашчу. Азыр эми көп ядерлүү система түзүлүп, жүз эсе көп кратка эсептөө ылдамдыгын көбөйттү, бул булут сактагыч (облачных хранилищ), булут эсептөө (облачными вычислениями), «блокчейн» технологиясынын өнүгүүсү жана криптовалюталардын болушу менен далилденди. АКШнын өкмөтү 143 миллиард долларды нейротармактык процессорлорду өнүктүрүүгө бөлдү. Жада калса Microsoft өзүнүн системасынан эски программаларды туураган жайлатуучу шиналарды алып салууда. Ошондуктан биздин бийлик архитектурасы да рыноктук мамилелер жана учурдагы реалдуу кырдаалдын өнүгүү динамикасына жараша өзгөрүүсү керек.

Сооронбай Шариповичтин бир жылдык ишмердүүлүгүндө бийлик структурасында экзотериялык деталдар үзүрлүү өзгөрдү. Эми эзотерикага өтүү убагы келди.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here