Кечээ, 22-октябрда түндө Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Жинжиген айылында улгайган жубайларды күйөө баласы балта менен чаап салып, оор абалда ооруканага жеткирилишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жубайларды 33 жаштагы кичүү күйөө баласы чапкан. Ал кайын ата, кайын энесинин үйүнө жашачу. Күйөө бала 3 күн катары менен арак ичип, үйдө кайын ата, кайын энеси менен пикир келишпестик чыккан. Чыр чыккан учурда аларды балтанын арты менен чаап жиберген. Бул окуядан кийин үйдөн чыгып кеткен. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүрүүдө.

Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын маалыматына караганда, ооруканага 1949-жылы туулган К.А. (күйөөсү) менен 1956 жылы туулган А.Т. (аялы) түшкөн. Күйөөсүнүн 2 колунун сөөктөрү жабык түрдө сынып, баш мээси чайкалган. Учурда сыныктар бөлүмүндө жатат. Аялынын баш сөөгү сынган. Абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Учурда жубайлар дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.

Ал эми Баткен ОИИБдин маалыматына караганда, күйөө бала мындай кадамга кайын журту үйүнөн кубалап чыккандан кийин барган.

«23-октябрында саат 04:45 чамасында Кызыл-Кыя ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынан Жинжиген айылындагы 69 жаштагы күйөөсү менен 62 жаштагы аялы денелеринен жаракат алып жеткирилгендиги жөнүндө кабар келген. Алынган маалымат ошол замат Кызыл-Кыя ШИИБге катталып, окуя болгон жерге аталган ыкчам-тергөө тобу барган. Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышты ноокаттык күйөө бала жасагандыгы такталды. Ал 23-октябрында түнкү саат 01:00 чамасында Ош облусунун Ноокат районунун 26 жаштагы тургуну кайын атасынын үйүнө кирип, уктап жатышкан кайын атасы менен кайын энесин колдоруна жана баштарына өзү менен кошо алып келген балтасынын арты жагы менен чаап, оор залал келтирген. Андан кийин окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталды. Жогорудагы жагдай боюнча сурамжылоо учурунда кылмышка шектүү 26 жаштагы тургун жабырлануучулардын кызына үйлөнгөндөн кийин кайын атасынын үйүндө жашап жүргөнү такталды. Ал спирт ичимдигин көп ичкендиктен окуядан 5-6 күн мурун кайын атасы үйүнөн кууп чыккан. Ал үчүн өч алуу максатында жогорудагы кылмышка баргандыгы аныкталды. Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, аны издөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Булак:turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here