Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин архитектура, дизайн жана курулуш факультетинин студенттери эмне үчүн кыргыз тили сабагында  теле алып баруучу Ассоль Молдокматованын өмүр баянын окуп жатышканын түшүнө албай жаткандарын айтып, бул тууралуу Limon.KG басылмасына билдирди.
Мындай билдирүүнү жиберген студенттин айтымында Ассоль Молдокматованын өмүр баянын белгилүү дизайнерлер Вальтер Гропиус (1883-1969), Филипп Старк (1949) жана башка атактуу дизайнерлер менен барабар окуп жатышат.Студенттерге таратылган барактарда А.Молдакматова кыргыз дизайнери катары көрсөтүлүп, студенттерге анын ишмердүүлүгү, өмүрү жөнүндө суроолор берилген.
учебник2

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here