20-октябрь күнү Павлодарда (Казакстан) алтынчы кабаттан кулап кеткен беш жашар кызды өтүп бара жаткан адам сактап калганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

41 жаштагы Александр Жумабаев жубайын жумуштан тосуп алганы кетип баратып, көп кабаттуу үйдөн терезеге тоскон тор түшүп калганын көрөт. Башын көтөрсө жогорку кабаттардан наристе кулап келе жаткан болот. Аны кармап алууга аракет кылып, бирок жетишпей калган. бадалдын устуно түшүп, эсин жоготкон кызга , дароо жасалма дем алдырат.

Наристе дем алып, ыйлай баштаган кезде үйдөн апасы чуркап чыккан.

Кыздын  мээси чайкалып жана оозу тытылып кеткенин. Учурда ооруканада,абалы туруктуу.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here