Кыргыз саясатчылардын басымдуу бөлүгүнө: “аман эле болгула, бетиӊер таптакыр жок экен” – деген сөздү айтуу жетиштүү болот деп ойлойсузбу? Бул эмес, мындан жаман сөз айтсаӊыз да, аларга жетпейт. Себеби, алар ошондой жаралышкан. Эми бга мисал келтирели. Бүгүн Москвага Атамбаев менен Түлеевдин бир учакта бирге учуп калышы көпчүлүктүн күлкүсүн келтирди. Себеби, буга чейин экөө  катуу айтканда “ит жебеген бокту жешкен” болчу. Түлеев АША менен учакта бирге учуп баратканын соцбаракчага биринчи болуп жарыялап: “Атамбаев эч нерсени укпай дүйлөдөй болуп  баратат”- деген мааниде билдирүү жазган.   Көп өтпөй экөө минтип бирге жанаша түшкөн сүрөтүн жарыялашты.

Эмнеси болсо да, аман эле болгулачы, элге зыяныӊарды тийгизбей. Буга чейин экөөӊ теӊ саясаттан бир топ сасып, мамлекетке чоӊ эле зыян тийгиздиӊер го…

Алмазбек Шаршенович Атамбаев менен Түлеев Нариман Ташболотовичтин мындан наркы саясаты кандай болмокчу. Тагдыр экөөнүн тамырын бириктиреби? Аны убакыт көрсөтөт деӊизчи. Бирок экөөндө теӊ бет да, эркекче сөз да жок. Биригип да, урушуп да кое беришет. Эки эргулдан баарын күтсөӊ да болот.

Эсенгелди Кулматов

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here