Алматыда журналист Айгерим Мусаеванын жакын туугандары бир нече күн мурун үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан коомчулукка кабарлашкан. Анын эч кимге, эч нерсе айтпай, жеке буюмдарынан да эч нерсе албай эле чыгып кетип калышы көп сырды жаратып жатканы айтылып жаткан. Ал акыркы жолу  Алатау районундагы ЦОНдун имаратынын видеокөзөмөлүнө түшүп калган. Эки күндөн кийин Айгеримдин сөөгүн туугандары өлүкканадан табышкан. Полиция бүгүн журналист кызды тепловоз тебелеп кеткенин кабарлады. Анын жанында документ жок болгондуктан, өлүкканага экспертизага жөнөтүшкөн. Маркум Мусаева  үйүндөгү жаӊжалдан кийин чыгып кетип, кайра келген эмес. Анын жоголгонун полицияга күйөөсү кабарлаган.

Маркум Мусаева Казакстандагы Hit tv. телеканалынын продюсери болуп иштеп жаткан. Ал эки баланын энеси эле…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here